Жетим-Тоону иштетиш үчүн 9 млрд доллар талап кылынат

Жетим-Тоону иштетиш үчүн 9 млрд доллар талап кылынат

Нарын облусунун Ат-Башы районунун тургундары менен болгон жолугушууда президент Садыр Жапаров мамлекет Жетим-Тоо темир кенин өз күчү менен иштетүүгө ниеттенип жатканын билдирди.

Президент мамлекет Жетим-Тоону Кумтөр сыяктуу эле 100% өз алдынча иштетүүнү пландап жатканын белгиледи. Бирок бул долбоор абдан чоң каржылык салымдарды талап кылат.

“Ал жерде сөзсүз завод куруу керек. Биз жөн гана чийки затты сатып жибербешибиз керек. Бул үчүн болжол менен 9 миллиард доллар талап кылынат. Бирок долбоор ишке кирсе, 5–10 жылдын ичинде өзүн толук актайт. Азыр биз ошол каражаттарды табуунун үстүндө иштеп жатабыз. Эгер күчүбүз жетсе, өзүбүз эле ишке ашырабыз. Эгер жетпесе, инвесторлор менен үлүштүк негизде — 30/70 же 60/40 форматында б0иргелешип иштейбиз”, – деди Садыр Жапаров.

Президент буга чейин билдиргендей, учурда Жетим-Тоодогу темир кенинин запасы 5 миллиард тоннадан ашат. Акчалай эсептегенде бул кен байлыгынын наркы болжол менен 50 миллиард долларга бааланат.

Мындан тышкары окуңуз

Өлкөдө жаңы үлгүдөгү 20 жана 50 сомдук банкноттор жүгүртүүгө чыгарылды

Өлкөдө жаңы үлгүдөгү 20 жана 50 сомдук банкноттор жүгүртүүгө чыгарылды

Бүгүндөн тартып Кыргызстанда 2026-жылдын үлгүсүндөгү 20 жана 50 сом номиналындагы жаңы банкноттор жүгүртүүгө киргизилди. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди. Маалыматка ылайык, жаңы банкноттор "Борбор-Азия Корголгон Басма Басмаканасы" ЖЧКсы тарабынан даярдалган. Банкноттордун дизайнында олуттуу өзгөрүү жок. Алардын алдыңкы бетинде тарыхый инсандардын портреттери, арткы бетинде тарыхый-маданий объектилер

Ишкер Media
Ош менен Франциянын кызматташтыгы талкууланды

Ош менен Франциянын кызматташтыгы талкууланды

Кечээ Ош шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси Мыктыбек Осмоналиев менен Франциянын Кыргызстандагы элчиси Николя Фай менен жолугушуу өттү. Бул тууралуу Ош мэриясынан билдирди. Анда Ош шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүү мүмкүнчүлүктөрү жана эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоо маселелери талкууланды. Маалыматка ылайык, тараптар маданият, илим, инвестиция жана туризм тармактарында байланыштарды кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурушту.

Ишкер Media
Бишкекте жылуулук менен камсыздоо иши 5 күнгө чейин созулат

Бишкекте жылуулук менен камсыздоо иши 5 күнгө чейин созулат

Бишкек шаарында 28-октябрдан тарта жылытуу сезону башталат. Учурда муниципалдык "Бишкек ЖЭБ" жана "Бишкекжылуулуктармагы" ишканалары жылуулук берүүгө даяр. "Бишкек ЖЭБ" мекемеси билдиргендей, имараттар жылуулук берүү тутумуна этап-этабы менен кошула баштайт. Биринчи кезекте жылуулук мектептерге, бала бакчаларга жана саламаттык сактоо мекемелерине берилип, андан кийин

Ишкер Media
Сокулук районундагы Кожомкул айылынын Башкы планын өзгөртүү сунушталды

Сокулук районундагы Кожомкул айылынын Башкы планын өзгөртүү сунушталды

Чүй облусунун Сокулук районундагы Кожомкул айылынын Башкы планына өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда. Тиешелүү долбоор Кожомкул айыл өкмөтү тарабынан коомдук талкууга чыгарылды. Долбоорго ылайык, Кожомкул айылынын Башкы планына өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн максаты — жер ресурстарын сарамжалдуу жана натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылуу, калктуу конуштун аймагын пландаштырууну тартипке келтирүү, калк үчүн жашоого ыңгайлуу шарттарды түзүү жана

Ишкер Media