Чүйдө 390 млн долларга 14 долбоор ишке ашырылат

Чүйдө 390 млн долларга 14 долбоор ишке ашырылат

Президентинин тапшырмасынын негизинде Чүй районундагы өнөр жай аймактарын өнүктүрүү маселелери боюнча көчмө кеңешме өттү. Иш-чаранын алкагында жалпы аянты 202 гектарды түзгөн өнөр жай аймагын түзүү долбоорунун ишке ашырылышынын жүрүшү менен таныштырылды. Бул тууралуу президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда жалпы аянты 202 гектарды түзгөн жер тилкеси белгиленген тартипте өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика жана башка атайын багыттагы жерлер категориясына өткөрүлгөн. Ошондой эле фармацевтика, курулуш материалдарын өндүрүү, машина куруу, прибор куруу, тамак-аш өнөр жайы жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүү тармактарында долбоорлорду ишке ашырууну пландаган 14 потенциалдуу резидент аныкталган. Жарыяланган инвестициялардын жалпы көлөмү 390 млн доллардан ашат. Долбоорлорду ишке ашыруу жаңы жумуш орундарын түзүүгө, өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмүн көбөйтүүгө жана өлкөнүн экспорттук потенциалын кеңейтүүгө мүмкүндүк берет.

Кеңешменин катышуучулары өнөр жай аймагынын инженердик инфраструктурасын түзүү маселелерине өзгөчө көңүл бурушту. Тактап айтканда, аймакты электр энергиясы менен камсыз кылуунун варианттары, ошондой эле суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу маселелери каралды.

Инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жана өнөр жай аймагынзарыл болгон инженердик инфраструктура менен өз убагында камсыз кылуу мамлекеттик органдардын эң башкы милдеттеринин бири экендиги белгиленди. 

Кеңешменин жыйынтыгында тармактык мамлекеттик органдарга өнөр жай аймагын инженердик инфраструктура менен камсыздоонун оптималдуу механизмин аныктоо боюнча тиешелүү тапшырмалар берилип, жооптуу аткаруучулар жана биринчи кезектеги иш-чараларды ишке ашыруу мөөнөттөрү белгиленди.

Мындан тышкары окуңуз

Казакстанда Каспийдеги окуядан кийин коргоо министри алмаштырылды

Казакстанда Каспийдеги окуядан кийин коргоо министри алмаштырылды

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Каспий деңизинде аскердик машыгуу учурунда каза болгон 14 аскер кызматкерин каза болгондон кийин мамлекеттик сыйлык менен сыйлады. Аларга Бауыржан Момышулы атындагы "Айбын" орденинин II даражасы ыйгарылды. Мындан тышкары, окуядан аман калган үч аскер кызматкери да мамлекеттик сыйлыкка татыды. Эске салсак, каргашалуу окуя 24-

Ишкер Media
Экзаменден өтпөгөндөргө айдоочулук күбөлүктөр мыйзамсыз берилгени аныкталды

Экзаменден өтпөгөндөргө айдоочулук күбөлүктөр мыйзамсыз берилгени аныкталды

Министрликтерде жана мекемелерде коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында КРнын Президентинин Иш башкармалыгына караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борборунун Ноокен райондук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 100гө жакын айдоочулук күбөлүктөрдү мыйзамсыз берүү фактысы аныкталды. Тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө кызматкерлер ортомчулар менен алдын ала сүйлөшүп алып,

Ишкер Media
Кыргызстандын сууда сүзүү боюнча курама командасы Азия оюндарынан кайтып келишти

Кыргызстандын сууда сүзүү боюнча курама командасы Азия оюндарынан кайтып келишти

26-сентябрда Японияда өтүп жаткан ХХ Азия оюндарында Кыргызстандын намысын коргогон сууда сүзүү боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү мекенге кайтып келишти. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти. Спортсмендерди “Манас” Эл аралык аэропортунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Урмат Асанбаев жана

Ишкер Media
Ак-Талаада 15 турак үйдү коргоо үчүн дамба курулууда

Ак-Талаада 15 турак үйдү коргоо үчүн дамба курулууда

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Чолок-Кайын айылынын түштүгүндөгү Шырдакбектин сайы участкасында жээкти бекемдөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Райондук администрациядан билдиришти. Максаты - эрозияны токтотуп, 15 турак жайды коргоо. Ишти КР ӨКМге караштуу Баткен көчмө механизациялаштырылган отряды аткарууда. Райондук администрация билдиргендей, дамбанын жалпы узундугу 380 метр. Анын 47 метри таш

Ишкер Media