Манас шаарында 250 млн сомдук металл ишканасы курулуп жатат

Манас шаарында 250 млн сомдук металл ишканасы курулуп жатат

Манас шаарынын мэри Уларбек Исмаилов тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери менен биргеликте аймакта курулуп жаткан ири өндүрүш объектилерин кыдырды. Бул тууралуу калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, текшерүү учурунда металл буюмдарын чыгаруучу заманбап заводдун курулушу көзөмөлдөндү. Учурда иштердин 80%ы аяктаган. Долбоордун жалпы баасы 250 млн сомду түзөт.

Мындан сырткары, "Тойбосс" компаниясы куруп жаткан азык-түлүк өндүрүүчү заводдун курулуш аянтчасына барды. Долбоордун жалпы наркы 2 млн долларды түзүп, заводду ушул жылдын аягына чейин ишке киргизүү каралган. Учурда объектте курулуш иштери жүрүп жатат.

Иш сапардын жүрүшүндө мэр курулуш иштеринин сапатына көңүл буруп, объектилерди белгиленген мөөнөттө бүткөрүү жана талаптарды так сактоо боюнча тапшырмаларды берди.

Мындан тышкары окуңуз

Аида Касымалиева БУУдагы туруктуу өкүл кызматынан бошотулду

Аида Касымалиева БУУдагы туруктуу өкүл кызматынан бошотулду

Аида Касымалиева Кыргызстандын Нью-Йорк шаарындагы Бириккен Улуттар Уюмундагы туруктуу өкүлү кызматынан кетти. Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Касымалиева башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу кызматынан бошотулду. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, мамлекет башчысынын тиешелүү жарлыгы менен анын ордуна Аяз Баетов Кыргызстандын Нью-Йорк шаарындагы БУУдагы туруктуу өкүлү болуп

Эттин баасын жеткиликтүү сатып алууга болот

Эттин баасын жеткиликтүү сатып алууга болот

Эттин баасынын кескин өсүшүнө жол бербөө жана калк үчүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында тиешелүү чаралар көрүлүп жатат. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан билдиришти. Кызматтын маалыматына ылайык, учурда эттин баасынын өсүшүнө объективдүү негиз жок. Республикада малдын саны өсүп жатканы белгиленип, жайыт мезгили аяктап, малдын жайлоодон түшүшү менен эттин баасынын

Бишкекте 3 эм төрөлдү. Эненин боюнда 4 эм болуп, төртүнчүсү өспөй калган

Бишкекте 3 эм төрөлдү. Эненин боюнда 4 эм болуп, төртүнчүсү өспөй калган

Бүгүн, Улуттук эне жана баланы коргоо борборунун Перинаталдык борборунда өзгөчө татаал кош бойлуулуктагы аялга кесарево жолу менен операция жасалды. Аялдын кош бойлуулугу алгач төрт эм болгон жана табигый жол менен, ЭКОнун жардамысыз жаралган. Кош бойлуулуктун 19-жумасында түйүлдүктөрдүн бири өнүгүүсүн токтоткон. Калган кош бойлуулукту дарыгерлер тыкыр көзөмөлдөп, сактап калуу үчүн

Бишкекте киберкоопсуздук боюнча улуттук фестиваль өтөт

Бишкекте киберкоопсуздук боюнча улуттук фестиваль өтөт

22-сентябрда Бишкектеги “Жаштык Арена” аянтчасында Кыргызстандын киберкоопсуздугуна арналган улуттук “CYBERNOMAD FEST 2026” фестивалы өтөт. Мындай маалыматты УКМКнын басма сөз кызматты жарыялады. Билдирүүгө караганда, иш-чарага мамлекеттик органдардын, маанилүү маалыматтык инфраструктуранын субъекттеринин, банктардын жана каржы уюмдарынын, телекоммуникациялык жана IT-компаниялардын, билим берүү мекемелеринин, эл аралык уюмдардын жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрүнөн