Азия оюндары-2026: Биринчи медалдык күндүн жыйынтыгы

Азия оюндары-2026: Биринчи медалдык күндүн жыйынтыгы

Жапония өлкөсүндө өтүп жаткан Азия оюндарынын алкагында ММА боюнча алгачкы жыйынтыктар чыгып Кыргызстандык балбандар 2 коло медалды утуп алышты. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.

Билдирүүгө караганда, Дастан Каныбек уулу 60кг чейинки салмак категориясында күч сынашып, алгачкы беттеште Жапониялык каршылашы Кожиро Накашиманы 3:0 эсебинде уткан. Чейрек финалда Ирандык Чаедифар Аминди 3:0 эсебинде жеңип, жарым финалга жолдомо алган. Бүгүн, ал Өзбекстандык Фирдавс Атамуратов менен беттешип, 2:0 эсебинде жеңилип, Азия оюндарынын коло медалын тагынды.

Ал эми Сыймык Жаныбек уулу чейрек финалдан баштап, Иорданиялык Раад Алнажжарды 3:0 эсебинде жеңген. Бүгүн, жарым финалда Бахрейндик Мухаммад Набиев менен беттешип, 3:0 эсебинде утулуп, үчүнчү орунга ээ болду.

Азия оюндарынын биринчи медалдык күнүндө Казакстандын курамасы алты медаль — төрт алтын жана эки коло медаль — алып келгендигин shyndyk.kz маалымат булагынан кабарлашты.

Билдирүүгө караганда, Казакстан жалпы медалдык эсепте төртүнчү орунду ээледи. Күндүн эң маанилүү учурлары казакстандык велосипедчилер менен каратэчилеринде болуп, алар курама команданын куржунуна төрт алтын медалды алып келишкен.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Нарында сел коркунучун алдын алууга 11 млн сом жумшалды

Бул күндөрү Бишкек акыр-чикирден тазаланмакчы

Өлкөдө 10 айда курулуш тармагы 61,5 %га өстү

Быйыл өлкөдө 742,5 миң тонна буудай жыйналды

Финкөзөмөл Мамлекеттик лотерея компаниясын пландан тышкары текшерүүнү баштады