Аксы районунда соода-логистикалык борбор ачылды

Аксы районунда соода-логистикалык борбор ачылды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Рысгүл Акимжанова Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Аксы районунун Кожо-Ата айылындагы "Бакча" айыл чарба кооперативине караштуу соода-логистикалык борбордун ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Аталган борбор айыл чарба продукцияларын, мөмө-жемиштерди сактоого ылайыкташып, жылына 300 тоннага чейин продукцияны сактоо мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Ачылыш аземинде Рысгүл Акимжанова соода-логистикалык борборлордун аймактардагы айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүүдөгү маанилүү ролун белгиледи.

"Бул борбордун ишке киргизилиши жергиликтүү дыйкандар жана өндүрүүчүлөр үчүн продукцияны сактоо, сорттоо, таңгактоо жана экспортко чыгаруу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө шарт түзөт", - деди ал.

Иш-чарага Аксы райондук администрациясынын, айыл өкмөттөрдүн жана тийиштүү мекемелердин өкүлдөрү, жергиликтүү тургундар катышты.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Нарында сел коркунучун алдын алууга 11 млн сом жумшалды

Бул күндөрү Бишкек акыр-чикирден тазаланмакчы

Өлкөдө 10 айда курулуш тармагы 61,5 %га өстү

Быйыл өлкөдө 742,5 миң тонна буудай жыйналды

Финкөзөмөл Мамлекеттик лотерея компаниясын пландан тышкары текшерүүнү баштады