Wildberries'теги кырдаалга байланыштуу ишкерлерди колдоо чаралары аныкталды

Wildberries'теги кырдаалга байланыштуу ишкерлерди колдоо чаралары аныкталды

Экономика жана коммерция министрлиги Wildberries соода аянтчасына байланыштуу түзүлгөн кырдаалдан улам ишкерлерди колдоонун кошумча чараларын карап жатат. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

27-июлда экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланованын төрагалыгы алдында ишкерлерди жеңилдетилген шарттарда насыялоо долбооруна катышкан финансы-кредиттик уюмдардын өкүлдөрү менен кеңешме өттү.

Жолугушууда Wildberries'тин айланасында түзүлгөн кырдаалдын ата мекендик өндүрүүчүлөргө, анын ичинде тигүү тармагындагы ишканаларга тийгизген таасири талкууланды. Ошондой эле ишкерлердин каржылык жүгүн азайтуу боюнча мүмкүн болгон чаралар каралды.

Кеңешменин жыйынтыгында кыйынчылыктарга туш болгон тигүү тармагындагы ишкерлер үчүн негизги карызды төлөөнү жеңилдетүү мөөнөтүн узартуу боюнча чаралар аныкталды.

Маалыматка ылайык, сунушталып жаткан чаралар ишкерлердин насыялык жүгүн азайтууга, ишканалардын туруктуу иштөөсүн камсыздоого, өндүрүштөрдү жана жумуш орундарын сактап калууга багытталган.

Мындан тышкары окуңуз

Айыл чарбасындагы аялдардын ролун күчөтүү маселеси талкууланды

Айыл чарбасындагы аялдардын ролун күчөтүү маселеси талкууланды

Бүгүн айыл чарба министрдин орун басары Рысгүл Акимжанованын катышуусунда айыл чарбасындагы аялдардын ролун күчөтүүгө багытталган жумушчу жолугушуу өттү. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалым болгондой, иш-чарага фермер аялдар, ишкер айымдар, кооператив жетекчилери жана агросектордун эксперттери катышты. Жолугушууда аялдардын каржылоого, жер жана суу ресурстарына жетүү, кайра иштетүү, сертификация жана продукцияны сатуудагы

Ишкер Media
Кыргызстан менен Бенин визалык талаптардан өз ара бошотулду

Кыргызстан менен Бенин визалык талаптардан өз ара бошотулду

25-сентябрда Нью-Йоркто Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Бенин Республикасынын тышкы иштер министри Коринн Амори Брюне менен жолукту. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, жолугушууда эки тараптуу кызматташтык, эл аралык уюмдар алкагындагы өз ара аракеттенүү жана аймактык күн тартип талкууланды. Кыргызстандын 2028–2029-жылдары БУУнун Коопсуздук

Ишкер Media
Садыр Жапаров Маданият жана искусство университетинин жаңы корпусун ачты

Садыр Жапаров Маданият жана искусство университетинин жаңы корпусун ачты

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз улуттук маданият жана искусство университетинин жаңы окуу корпусунун ачылышына катышты. Бул тууралу президенттин администрациясы билдирди. Мамлекет башчысы аянты 8615 чарчы метрди түзгөн беш кабаттуу имараттагы шарттар менен таанышты. Анда заманбап окуу аудиториялары, китепкана, окуу залы, хореография жана концерт залдары, ашкана каралган.

Ишкер Media
Тоолуу аймактагы ишкерлерге 50 миң доллардан грант берилет

Тоолуу аймактагы ишкерлерге 50 миң доллардан грант берилет

Кыргызстандын тоолуу аймактарындагы ишкерлер үчүн Бизнес-инкубатор жана акселератор программасына өтүнмөлөр кабыл алынууда. Кабыл алуу 15-октябрга чейин болот. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Программаны Тоолор өнөктөштүгү, ФАО, Президенттин тоо күн тартиби боюнча атайын өкүлү жана МинКаб Италия Өкмөтүнүн колдоосу менен ишке ашырууда. Маалыматка ылайык, тоо продукциясын өндүрүүчүлөр, кооперативдер,

Ишкер Media