Салык мыйзамдарына ири өзгөртүүлөр киргизилди: эми ишкерлерди эмне күтөт

Салык мыйзамдарына ири өзгөртүүлөр киргизилди: эми ишкерлерди эмне күтөт

Президент Садыр Жапаров 6-августта салык мыйзамдарын өркүндөтүүгө багытталган жаңы мыйзамга кол койду. Мамлекеттик салык кызматы билдиргендей, өзгөртүүлөр ишкерлер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө жана салыктык башкарууну жакшыртууга багытталган.

Салык кызматынын маалыматына караганда, жаңы мыйзамга ылайык КРнын Салык кодексине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилди:

1)      Креативдүү индустриялар паркынын резиденттери үчүн 5 жылга бирдиктүү салыктын ставкасы 0% болуп белгиленди.

2)      кызмат көрсөтүүчү субъекттер үчүн төлөө формасына карабастан бирдиктүү салыктын төмөнкүдөй ставкалары белгиленди:

– сауна жана мончолор үчүн – 5 %;
– коомдук тамактануу кызматына: Бишкек, Ош шаарлары – 5%, калган аймактар - 3%.

3)      Аванстардан салык төлөө боюнча ченем жаңы курулган турак жана турак эмес жайларды сатууну жүзөгө ашырган субъекттерге карата белгиленген, ал эми калган бардык категориялар үчүн бул ченем 2026-жылдын 1-январынан тартып алынып салынды.

4)      Жаңы курулган турак жана турак эмес жайларды саткан субъекттер үчүн бирдиктүү салыктын ставкасы 4% болуп бекитилди.

5)      2026-жыл үчүн автоматтык эсептелген кыймылсыз мүлк салыгы боюнча туумдар алынбайт.

6)      Жөнөкөйлөтүлгөн салык режиминдеги ишкерлерге 2026-жылдын 1-октябрына чейин каалоосу менен жалпы салык режимине өтүү мүмкүнчүлүгү берилет.

7)      Субъекттерге 2025-жылдын 1-апрелине чейин товарлардын калдыктарын легалдаштыруу боюнча ашыкча легалдаштырылган товарларды түзөтүү укугу берилди.

8)      Алтын жана күмүш боюнча тоо кендерин казып алуучу, кайра иштетүүчү ишканалардын кирешелерине салыктын ставкасы эл аралык товардык биржалардагы бааларды эске алуу менен жогорулатылды.

9)      Транзакцияга салык режиминин аныктамасы такталды жана аны колдонуу чөйрөсү кеңейтилди.

10)   Товарларды, жумуштарды аткарууда салык төлөөчүлөр тарабынан толтурулууга эсеп-фактуранын милдеттүү маалым даректеринин тизмеги бекитилет.

11)   үчүнчү өлкөлөрдөн жеке жактар сатып алган товарлар менен электрондук соода жүргүзүүдө уюмдарды башкаруу боюнча функциялар Салык кызматына өткөрүлдү.

2. Эсептен чыгаруу боюнча ченемдер:

1) КРнын аймагынан айыл чарба жаныбарларын экспорттоодо 2026-жылдын 1-январына чейинки мезгил үчүн пайда болгон салык калдыгынын суммасынын 97%, ошондой эле эсептелген туумдардын жана салык санкцияларынын 100 % салык төлөөчү салык калдыгынын 3 % төлөнгөн шартта эсептен чыгарылууга тийиш.

2) көмүр казып алуу ишин жүзөгө ашыруучу ишкердик субъекттерине 2026-жылдын 1-январына чейинки мезгил үчүн эсептелген салык санкциялары жана эсептелген туумдар, 2026-жылдын 31-декабрына чейин салык калдыгынын суммасын толук төлөгөн шартта эсептен чыгарылууга тийиш.

3. “КРнын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” КРнын Мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөр:

– карыздарды эсептен чыгаруу боюнча мурдагы өнөктүктөр үчүн туумдарды эсептен чыгаруу боюнча ченем киргизилди;
– КРнын аймагынан тышкары ишти жүзөгө ашыруучу субъекттердин, ошондой эле транзакцияга салык боюнча субъекттердин товарларынын калдыктарын 2026-жылдын 31-декабрына чейин каттоого чейин колдонулуучу режимге ылайык, ставкалар боюнча сатууга укук берилди.

4. КРнын Укук бузуулар жөнүндө кодексинен товарларды ташуу үчүн пайдаланылган транспорт каражаттарын конфискациялоо жөнүндө ченем алып салынды жана дифференцияланган айыптар белгиленди.

5. КРнын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексинде салык органдары тарабынан башкарылуучу салыктык эмес кирешелер боюнча отчеттордун, эсептердин формаларын жана аларды толтуруу тартибин бекитүү укугу Салык кызматынын органдарына берилет. Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык салык отчеттуулугунун формалары Салык кызматынын органдары тарабынан белгиленет.

Мамлекеттик салык кызматынын маалыматына ылайык, жаңы мыйзам Салык кодексиндеги карама-каршылыктарды жоюуга, салыктык башкарууну жөнөкөйлөтүүгө жана ишкердик жүргүзүүгө жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган.

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банк 2 алмашуу бюросунун лицензиясын токтотуп, 1 жаранга айып пул салды

Улуттук банк 2 алмашуу бюросунун лицензиясын токтотуп, 1 жаранга айып пул салды

КРнын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Улуттук банк валюта рыногундагы айрым оюнчуларга карата тиешелүү чара колдонду. Улуттук банктын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Талас облусундагы эки акча алмаштыруу бюросунун лицензиясынын аракети убактылуу токтотулуп, бир жаранга айып пул салынды. Тагыраагы, Манас районундагы Май айыл

“Лизун” каймана аты менен белгилүү болгон Элдар Жакыпбековдун жакыны кармалды

“Лизун” каймана аты менен белгилүү болгон Элдар Жакыпбековдун жакыны кармалды

4-августта Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту "Лизун" каймана аты менен белгилүү болгон С.У.ну камакка алуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу райондук соттун басма сөз кызматы билдирди. 4-августта сот мекемелер аралык тергөө тобунун жетекчиси – Аскер прокуратурасынын тергөө башкармалыгынын башчысынын орун басары тарабынан берилген өтүнүчтү канааттандырып,

Коомчулуктун демилгелерин мамлекеттен каржылоо механизми жаңыланууда

Коомчулуктун демилгелерин мамлекеттен каржылоо механизми жаңыланууда

Кыргызстанда жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин мамлекеттик субсидиялоо механизми өркүндөтүлүп жатат. Бул тууралуу Экономика министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады. Аталган механизмдин алкагында шаарлар менен айыл аймактарындагы социалдык жана инженердик инфраструктураны өнүктүрүүгө, ошондой эле аймактарды көрктөндүрүүгө багытталган долбоорлор республикалык казынадан каржыланат. 2026-жылдын январь–июнь айларында иш-чаралар планына кирген 13 иш-чаранын

Wildberries компаниясынын кампаларын Кыргызстанга ачуу сунушталды

Wildberries компаниясынын кампаларын Кыргызстанга ачуу сунушталды

Темир Сариев Wildberries маркетплейсинин логистикалык кампаларын Кыргызстанга жайгаштырууну сунуштады. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Кыргыз-Орус ишкерлер кеңешинин жыйынында Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев эки өлкөнүн соода жүгүртүүсүн 5 миллиард долларга жеткирүүнүн негизги шарттарын атап, маркетплейстердин тобокелдиктерин азайтуу чечимин сунуштады. Соодадагы 3 негизги тоскоолдук: