Wildberries компаниясынын кампаларын Кыргызстанга ачуу сунушталды

Wildberries компаниясынын кампаларын Кыргызстанга ачуу сунушталды

Темир Сариев Wildberries маркетплейсинин логистикалык кампаларын Кыргызстанга жайгаштырууну сунуштады. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кыргыз-Орус ишкерлер кеңешинин жыйынында Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев эки өлкөнүн соода жүгүртүүсүн 5 миллиард долларга жеткирүүнүн негизги шарттарын атап, маркетплейстердин тобокелдиктерин азайтуу чечимин сунуштады.

Соодадагы 3 негизги тоскоолдук: Бюрократия жана регламенттер: 

Маркировкалоо жана техникалык регламенттердеги айырмачылыктар ишкерлерди текшерүүлөрдөн кайрадан өтүүгө мажбурлоодо.

Чек арадагы кечигүүлөр: Макулдашылбаган санитардык контроль жана узун кезектер тез бузулуучу товарлардын сапатын жоготууга алып келүүдө. 

Макулдашылбаган санитардык контроль жана узун кезектер тез бузулуучу товарлардын сапатын жоготууга алып келүүдө.

Маркетплейстердин тобокелдиктери: 

Россиядагы Wildberries логистикалык борборлорундагы өрт кырсыктары кыргызстандык өндүрүүчүлөргө түз зыян келтирүүдө.

Темир Сариев Wildberries жана башка ири маркетплейстердин логистикалык инфраструктурасынын бир бөлүгүн Кыргызстандын аймагында жайгаштырууну сунуштады.

“Маркетплейстердин логистикалык кубаттуулуктарын Кыргызстанда жайгаштыруу – бул жөн гана экономикалык маселе эмес, тобокелдиктерди азайтуу. Товар бир гана ири түйүндө сакталбашы керек”, – деп белгиледи Сариев. 

Мындан тышкары окуңуз

DARYA долбоорунун алкагында кесиптик билим берүүнү өнүктүрүү  талкууланды

DARYA долбоорунун алкагында кесиптик билим берүүнү өнүктүрүү талкууланды

Агартуу министрлигинин өкүлдөрү менен “Борбордук Азиядагы жөндөмдүү жаштар үчүн диалог жана аракеттер” (DARYA) регионалдык долбоорунун эксперттеринин жолугушуусу болуп өттү. Жолугушууда DARYA долбоорунун алкагында кесиптик билим берүүнү өнүктүрүү, кесиптик стандарттарды өркүндөтүү, ошондой эле формалдуу эмес жана информалдык билим берүүнү таануу боюнча аткарылып жаткан иштер талкууланды. Мындан тышкары, Кыргызстанда 2024-жылдан тартып

Ысык-Көлдө куткаруучуларга 16 млн сомго атайын техника тапшырылды

Ысык-Көлдө куткаруучуларга 16 млн сомго атайын техника тапшырылды

Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунан бөлүнгөн 16 млн сомго куткаруучулар үчүн атайын техника жана заманбап жабдуулар алынып, ӨКМдин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгына тапшырылды. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү билдирди. Алардын арасында "Шакман" унаасы, эки снегоход, суу алдындагы дрон, квадрокоптер жана Starlink Mini бар.

Бишкек жана Сеул шаар башчылары өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол коюшту

Бишкек жана Сеул шаар башчылары өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол коюшту

Бүгүн Сеул шаарында (Корея Республикасы) Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев менен Сеул шаарынын мэри О Се Хундун жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуу Садыр Жапаровдун Корея Республикасына болгон расмий иш сапарынын алкагында өттү. Жолугушуунун жыйынтыгында Бишкек жана Сеул шаарларынын мэрлери эки борбор шаардын ортосунда боордош шаарлар мамилесин түзүү жөнүндө өз ара түшүнүшүү

Манаста 2 млн долларлык этти кайра иштетүүчү комплекс курулат

Манаста 2 млн долларлык этти кайра иштетүүчү комплекс курулат

Кыргызстанда этти кайра иштетүүнү өнүктүрүүгө багытталган жаңы долбоор колдоого алынды. Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду (РКӨФ) Манас шаарында заманбап эт кайра иштетүү комплексин куруу боюнча “Мираж” ЖЧКсы менен каржылоо келишимине кол койду. Долбоордун жалпы наркы 2 млн долларды түзөт. Анын ичинен РКӨФ өнөктөш банкы “Бакай Банк” аркылуу 900 миң $ каржылайт. Каражат