ИӨБдүн колдоосу менен инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталган долбоорлор аткарылууда
Бүгүн Экономика жана коммерция министрлигинде министрдин орун басары Медербек Тумановдун Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) аймактык директору Хаммад Зафар Хундал жана Банктын өкүлдөрү менен жолугушуусу болуп өттү.
Министрликтин маалыматына караганда, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар мындан аркы кызматташуунун негизги багыттарын: учурдагы долбоорлорду ишке ашыруу, жаңы демилгелерди даярдоо жана КР үчүн артыкчылыктуу багыттар боюнча өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү тууралуу талкуулашты.
Министрдин орун басары Ислам өнүктүрүү банкы Кыргызстандын маанилүү жана ишенимдүү өнөктөшү экенин белгиледи. Анын айтымында, ИӨБдүн колдоосу менен инфраструктураны өнүктүрүүгө жана экономикалык өсүштү колдоого багытталган бир катар маанилүү долбоорлор ишке ашырылууда жана иштелип чыгууда.
Ошондой эле Медербек Туманов Хаммад Зафар Хундалды Ислам өнүктүрүү банкынын аймактык директору кызматына дайындалышы менен куттуктап, анын кесиптик тажрыйбасы Кыргызстан менен Банктын ортосундагы кызматташтыкты мындан ары чыңдоого өбөлгө түзөрүнө ишенимин билдирди.