Балык уулоого арналган жемдин арасынан кызгылт сары түстөгү 479 таблетка табылды

Балык уулоого арналган жемдин арасынан кызгылт сары түстөгү 479 таблетка табылды

Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери Россия Федерациясынын Федералдык бажы кызматы жана КРнын Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы менен өз ара аракеттенүүдө MDMA (экстази) психотроптук затын мыйзамсыз ташып кирүү жана сатуу боюнча эл аралык каналдын ишмердигине бөгөт койду.

Бажы кызматынын маалыматына ылайык, ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө - Бишкек шаарында М.А.А. жана А.М.Б. аттуу жарандар кармалып, алар Москва — Бишкек багыты боюнча жөнөтүлгөн почта жөнөтмөсүн алышкан.

Жөнөтмөнү текшерүү учурунда балык уулоого арналган жемдердин арасындагы металл идиштен кызгылт сары түстөгү 479 таблетка табылып, алынган. Экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган таблеткалардын курамында MDMA психотроптук заты аныкталган. Мындан тышкары, жүргүзүлгөн кийинки ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө зат салынган 20 түйүнчөк табылган. Учурда алардын курамы аныкталууда.

Алдын ала маалыматтар боюнча, алынган психотроптук затты мыйзамсыз сатуудан түшүшү мүмкүн болгон кирешенин көлөмү 1,3 млн сомдон ашышы мүмкүн.

Учурда укук коргоо органдары тарабынан психотроптук заттарды мыйзамсыз жүгүртүүнүн эл аралык каналына тиешеси бар бардык адамдарды аныктоого, ошондой эле мыйзамсыз ишмердүүлүктүн башка фактыларын табууга багытталган ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылууда.

Мындан тышкары окуңуз

Евробиримдик Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө” байланыштуу чектөөлөрдү узартты

Евробиримдик Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө” байланыштуу чектөөлөрдү узартты

Евробиримдиктин Кеңеши Россиянын чет өлкөлөрдөгү туруксуздаштыруучу аракеттерине жооп катары киргизилген айрым чектөө чараларынын мөөнөтүн 2027-жылдын 9-октябрына чейин узартты. Евробиримдиктин маалыматына ылайык, чаралар Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө”, анын ичинде чет өлкөлүк маалымат мейкиндигин манипуляциялоо жана кийлигишүүгө (FIMI) байланыштуу киргизилген. Учурда бул санкциялык режимдин алкагында 80 жеке адамга жана 20 уюмга

Ишкер Media
ИӨБдүн колдоосу менен инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталган долбоорлор аткарылууда

ИӨБдүн колдоосу менен инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталган долбоорлор аткарылууда

Бүгүн Экономика жана коммерция министрлигинде министрдин орун басары Медербек Тумановдун Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) аймактык директору Хаммад Зафар Хундал жана Банктын өкүлдөрү менен жолугушуусу болуп өттү. Министрликтин маалыматына караганда, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар мындан аркы кызматташуунун негизги багыттарын: учурдагы долбоорлорду ишке ашыруу, жаңы демилгелерди даярдоо жана КР үчүн артыкчылыктуу багыттар боюнча

Ишкер Media
Келерки жылы Бишкекте "Бишкек+25" экинчи Глобалдык тоо саммити өтөт

Келерки жылы Бишкекте "Бишкек+25" экинчи Глобалдык тоо саммити өтөт

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Климат жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча улуттук диалогдо сөз сүйлөдү. Иш-чара Климат жана жаратылыш боюнча улуттук жумалыкты жыйынтыкталышына жана Климат жана биологиялык ар түрдүүлүк маселелери боюнча эл аралык конференцияларга карата Кыргыз Республикасынын

Ишкер Media
Салык төлөөчүлөр жеке кабинеттеги маалыматты кантип коргой алат?

Салык төлөөчүлөр жеке кабинеттеги маалыматты кантип коргой алат?

Салык кызматы салык төлөөчүлөрдү Жеке кабинеттеги маалыматтарын коргоого чакырды. Билдирүүгө караганда, жеке кабинетте жарандардын жеке маалыматтары, салыктар, төлөмдөр жана отчеттуулук тууралуу маанилүү маалыматтар сакталып турат. Аталган маалыматтардын коопсуздугун коргоо үчүн: * логин жана сырсөздү башка адамдарга бербөө; * татаал жана ишенимдүү сырсөз колдонуу; * сырсөздү мезгил-мезгили менен жаңыртып туруу сунушталат. Салык кызматынын

Ишкер Media