Бишкекте трамвай тармагын өнүктүрүү, метробус жана метро куруу келечеги пландаштырылууда
Кечээ Бишкек шаарынын мэриясында шаар мэринин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев менен Франция Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Николя Файдын жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө борбор калаанын транспорттук инфраструктурасын модернизациялоо жана коомдук транспорттун заманбап түрлөрүн өнүктүрүү келечеги талкууланды.
Жолугушууга Бишкек шаарынын мэриясынын кызматкерлери, Франциянын делегациясынын өкүлдөрү жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) өкүлдөрү катышты.
Шаардык мэриянын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, тараптар трамвай жолдорун куруу, метробус (BRT — автобустардын ылдам жүрүүчү системасы) системасын киргизүү, метро куруу мүмкүнчүлүктөрү жана транспорт тармагындагы башка заманбап чечимдерди кароого алышты. Ошондой эле калкынын саны өсүп жаткан шаардын керектөөлөрүн эске алуу менен инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруунун мүмкүн болгон жолдорун изилдөөгө, ошондой эле алардын техникалык жана экономикалык жактан максатка ылайыктуулугун баалоого бурулду.
Талкуунун жыйынтыгында мындан аркы иш-аракеттердин жол картасын иштеп чыгуу жана келечектүү транспорттук долбоорлордун техникалык-экономикалык негиздемесин (ТЭН) даярдоо маселесин карап чыгуу сунушталды. Өз кезегинде Франция тарап бул ишти каржылык жактан колдоого даяр экенин билдирди.
Жолугушуунун соңунда тараптар өткөрүлгөн диалогдун маанилүүлүгүн белгилеп, кызматташтыкты өнүктүрүүгө өз ара кызыкдар экенин ырасташты жана борбор калаанын транспорттук инфраструктурасын модернизациялоо боюнча мүмкүн болгон чечимдерди мындан ары да талкуулоого даяр экендиктерин билдиришти.