Акы төлөнүүчү мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын бирдиктүү реестри түзүлөт
Экономика жана коммерция министрлиги акы төлөнүүчү мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды, ошондой эле жарандык-укуктук мүнөздөгү кызматтарды камтыган бирдиктүү реестрди бекитүүнү коомдук талкууга сунуштады. Документ мамлекеттик кызматтар тууралуу маалыматтарды системалаштырууга, аларды көрсөтүү шарттарынын ачык-айкындуулугун камсыз кылууга жана реестрди үзгүлтүксүз жаңыртып турууга багытталган.
Маалыматка ылайык, реестрге кызматтын аталышы, аны көрсөтүүгө жооптуу орган жана аткаруучу, кызматты алуу формасы жана шарттары, акы төлөө тартиби жана көрсөтүлгөн кызматтын натыйжасы тууралуу маалыматтар киргизилет. Реестр министрликтин расмий сайтына жайгаштырылат.
Долбоорго ылайык, лицензияларды жана уруксат документтерин берүү, кайра тариздөө жана узартуу сыяктуу иштер реестрге киргизилбейт. Анткени алар өзүнчө мыйзамдар менен жөнгө салынат.
Министрлик долбоор жаңы кызматтарды киргизбестигин жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн жаңы тарифтерди белгилебестигин белгилейт. Реестрди бекитүү жарандарга кызматтарды алуу шарттары жана акы төлөө тартиби тууралуу так маалымат алууга мүмкүнчүлүк түзүп, негизсиз төлөмдөрдү аныктоого жана коррупциялык тобокелдиктерди азайтууга багытталган.