Чүйдө 10 млн долларга балык заводу ачылды

Чүйдө 10 млн долларга балык заводу ачылды

15-октябрда Чүй облусунун Аламүдүн районунда "Салих Аква" балык чарба кластеринин курамындагы заманбап завод ачылды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады.

Маалыматка караганда, иш-чарага МинКаб Төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков катышты.

Завод жылына 3 миң тоннага чейин даяр балык продукциясын чыгарат. Анда форель, осетр жана башка балык түрлөрү терең иштетилет. Ишкана кластердин өз чарбаларынан тышкары, башка ата мекендик балык өстүрүүчүлөрдөн да чийки зат кабыл алат.

Кластер толук цикл менен иштейт. Ага жылына 5 миң тоннага чейин тоют өндүрүү, икра инкубациялоо, чабак өстүрүү, кара икра чыгаруу кирет.

2022-жылдан бери долбоорго 10 млн долларга жакын инвестиция тартылган, анын 6,355 млн долларын Орусия-Кыргыз өнүктүрүү фонду каржылаган.

Заводдун ачылышы кайра иштетүүнү көбөйтүп, экспортту кеңейтүүгө жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө шарт түзөт.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто кубаттуулугу 10 МВт болгон күн электр станциясы курулат

Ошто кубаттуулугу 10 МВт болгон күн электр станциясы курулат

Ош облусундагы президенттин өкүлү Аманкан Кенжебаев 10 МВт күн электр станциясын куруу долбоору боюнча жыйын өткөрдү. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн маалымат кызматы билдирди. Маалым болгондой, жыйынга "Солар Энерджи Араван Групп" компаниясынын жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты. Станция Араван районунун Октябрь айылында курулмакчы. Учурда жер тилкеси жана уруксат кагаздары талкууланды.

Ишкер Media
Милиция мал ээлерине кайрылуу жасады

Милиция мал ээлерине кайрылуу жасады

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы мал ээлерин мал жандыктарды жолдорго жакын жерде кароосуз калтырбоого, айдоочуларды жол эрежелерин так сактоого чакырды. Маалыматка ылайык, айрыкча кечки жана түнкү убактарда жолго чыгып кеткен мал жандыктар жол кырсыктарына себеп болушу мүмкүн. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы мал ээлери малдарын дайыма көзөмөлдөп, жолдон

Ишкер Media
Бишкек жана Баткенде рейд өткөрүлүп, 45 миң сом айып салынды

Бишкек жана Баткенде рейд өткөрүлүп, 45 миң сом айып салынды

Бишкек шаарында жана Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында, Кадамжай районунда атмосфералык абаны коргоо боюнча рейддик иш-чаралар өткөрүлдү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлиги кабарлады. Рейддин максаты - абанын булганышын алдын алуу жана экологиялык талаптардын сакталышын көзөмөлдөө болгон. Маалым болгондой, текшерүү учурунда жеке автоунаалардын, өнөр жай ишканаларынын жана чарба субъекттеринин зыяндуу заттарды

Ишкер Media
Бүгүн Ош шаарында газ өчүрүлөт

Бүгүн Ош шаарында газ өчүрүлөт

Өзбекстандагы магистралдык газ түтүгүндө оңдоо иштерине байланыштуу бүгүн Ош шаарында газ берүү токтойт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы маалымдады. "Ошгаз" филиалы билдиргендей, 16-октябрь саат 10:00дөн 17-октябрь саат 08:00гө чейин Ош шаарында жана ага чектеш райондордо жаратылыш газы берилбейт. Тургундардан коопсуздук эрежелерин сактоо суралат.

Ишкер Media