Бүгүн Ош шаарында газ өчүрүлөт
Өзбекстандагы магистралдык газ түтүгүндө оңдоо иштерине байланыштуу бүгүн Ош шаарында газ берүү токтойт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы маалымдады.
"Ошгаз" филиалы билдиргендей, 16-октябрь саат 10:00дөн 17-октябрь саат 08:00гө чейин Ош шаарында жана ага чектеш райондордо жаратылыш газы берилбейт.
Тургундардан коопсуздук эрежелерин сактоо суралат.