Бишкек жана Баткенде рейд өткөрүлүп, 45 миң сом айып салынды
Бишкек шаарында жана Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында, Кадамжай районунда атмосфералык абаны коргоо боюнча рейддик иш-чаралар өткөрүлдү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлиги кабарлады.
Рейддин максаты - абанын булганышын алдын алуу жана экологиялык талаптардын сакталышын көзөмөлдөө болгон.
Маалым болгондой, текшерүү учурунда жеке автоунаалардын, өнөр жай ишканаларынын жана чарба субъекттеринин зыяндуу заттарды абага чыгаруу боюнча белгиленген нормаларды сакташы көзөмөлгө алынды. Ошондой эле чаң жана түтүн бөлүп чыгарган булактар, экологиялык уруксат кагаздарынын болушу текшерилди.
Жыйынтыгында Укук бузуулар жөнүндө кодекске ылайык 6 протокол түзүлүп, жалпы 45 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.