Баткенде 9 айда 2,9 млрд сом салык чогултулду
Баткен облусунда 2026-жылдын январь-сентябрь айларында мамлекеттик бюджетке 2 млрд 982 млн сом салык чогултулду. Бул тууралуу президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, салык чогултуу боюнча белгиленген план 108 %га аткарылган. Анын ичинен республикалык бюджетке 1 млрд 579 млн сом түшүп, план 112,2 %га аткарылган.
Ал эми жергиликтүү бюджетке 1 млрд 402 млн сом түшүп, белгиленген көрсөткүч 103,7 %ды түзгөн. Облустун бардык район жана шаарларында салык чогултуу планы 100 %дан жогору аткарылган.
Мындан тышкары, 2026-жылдын январь-июнь айларында облуска 57,9 млн доллар чет өлкөлүк инвестиция келген.