МинКаб төрагасы: маданият тармагына жылына 6-10 млрд сом бөлүнүп жатат

МинКаб төрагасы: маданият тармагына жылына 6-10 млрд сом бөлүнүп жатат

Кыргызстанда маданият тармагына жыл сайын 6-10 млрд сомдун тегерегинде каражат бөлүп жатат. Бул тууралуу бүгүн министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев маданият кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап жатып айтты.

Анын айтымында, бул каражат маданиятты өнүктүрүүгө, маданий мекемелердин ишмердүүлүгүн илгерилетүүгө, искусство чыгармаларын жаратууга жана жайылтууга, керектүү шартарды түзүүгө сарпталууда.

Ошондой эле МинКаб башчысы быйыл Кыргызстанда өткөн VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары  кыргыз маданиятын дүйнөгө таанытып, өлкөнүн эл аралык аброюн чыңдоодо олуттуу кадам болгонун белгиледи.

"Дүйнөнүн 100дөн ашык өлкөсүндөгү калктын көңүл борборунда болгон бул оюндар, этнографиялык жана маданий конкурстар дүйнө жүзүнө кыргыз маданиятын, жалпы эле көчмөндөр цивилизациясын даана көрсөттү", - деди өкмөт башчысы.
Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. 

Мындан тышкары окуңуз

Окуучулардын күзгү каникулу 5 күнгө созулат

Окуучулардын күзгү каникулу 5 күнгө созулат

Өлкөдө мектеп окуучуларынын күзгү каникулу 11-ноябрда башталат. Бул тууралуу Агартуу министрлигинин базистик окуу пландарында көрсөтүлөт. Маалыматка караганда, каникул 15-ноябрга чейин созулуп, 16-ноябрда сабактар башталат. Белгилей кетсек, быйылкы окуу жылы 15-сентябрда башталган. Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA

Ишкер Media
"Байтик" метеостанциясынындагы мыйзамсыз курулуш буздурулду

"Байтик" метеостанциясынындагы мыйзамсыз курулуш буздурулду

Аскер прокуратурасы "Байтик" метеостанциясынын аймагында мыйзамсыз курулган имаратты буздурууну камсыз кылды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди. Маалым болгондой, көзөмөл иш-чараларынын жүрүшүндө Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан метеостанциянын аймагында мыйзамсыз имарат курулганы аныкталган. Курулуш Ала-Арча дарыясынын суу коргоо зонасында жүргүзүлгөн. Бул факты боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин мурдагы министри

Ишкер Media
Ош шаарында эки көчө пайдаланууга берилди

Ош шаарында эки көчө пайдаланууга берилди

Ош шаарында эки ири көчө - Т.Атабаев жана Ы.Монуев көчөлөрү капиталдык оңдоодон кийин ачылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалымдалгандай, А.Мамыров көчөсүнөн №47 көчөсүнө чейинки бөлүгү оңдолду. Ачылышка мэр Жанарбек Акаев, шаардык кеңештин төрагасы Болотбек Баетов жана тургундар катышты. Жалпы узундугу Төлөнов көчөсүнө чейин 2,6

Ишкер Media
Өлкөнүн билим берүү уюмдарында пенсия курагындагы 15 миңге жакын педагог эмгектенет

Өлкөнүн билим берүү уюмдарында пенсия курагындагы 15 миңге жакын педагог эмгектенет

Кыргызстандын Агартуу министрлиги пенсия курагындагы мугалимдерди массалык түрдө иштен бошотууну пландабайт жана жаш курагына карата дискриминация саясатын жүргүзбөйт. Бул тууралуу министрликтен социалдык тармактарда улуу муундагы мугалимдердин эмгек ишмердүүлүгүнө байланыштуу жарыяланган маалыматтарга карата билдиришти. Министрликтин маалыматына ылайык, билим берүү тармагындагы бардык чечимдер КР Конституциясынын, эмгек мыйзамдарынын, ошондой эле Эл аралык эмгек

Ишкер Media