"Байтик" метеостанциясынындагы мыйзамсыз курулуш буздурулду

"Байтик" метеостанциясынындагы мыйзамсыз курулуш буздурулду

Аскер прокуратурасы "Байтик" метеостанциясынын аймагында мыйзамсыз курулган имаратты буздурууну камсыз кылды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

Маалым болгондой, көзөмөл иш-чараларынын жүрүшүндө Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан метеостанциянын аймагында мыйзамсыз имарат курулганы аныкталган. Курулуш Ала-Арча дарыясынын суу коргоо зонасында жүргүзүлгөн.

Бул факты боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин мурдагы министри Б. Ажикеев кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Ошондой эле мамлекетке келтирилген 7 миллион 650 миң сомдук зыян толугу менен өндүрүлгөн.

Мындан тышкары, Аламүдүн райондук сотунун чечиминин негизинде мыйзамсыз курулган имарат Архитектуралык-курулуштук контролдоо мамлекеттик департаментинин жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрүнүн катышуусунда буздурулган.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

"Баткен-тазалык" муниципиалдык ишканасына айып пул салынды

Жал кичи районунда 750 орундуу мектеп курулду

7 агенттикке Кыргыз жарандарын чет өлкөлөрдө ишке орноштурууга уруксат берилди

Окуучулардын күзгү каникулу 5 күнгө созулат

Ош шаарында эки көчө пайдаланууга берилди