Ош шаарында эки көчө пайдаланууга берилди
Ош шаарында эки ири көчө - Т.Атабаев жана Ы.Монуев көчөлөрү капиталдык оңдоодон кийин ачылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалымдалгандай, А.Мамыров көчөсүнөн №47 көчөсүнө чейинки бөлүгү оңдолду. Ачылышка мэр Жанарбек Акаев, шаардык кеңештин төрагасы Болотбек Баетов жана тургундар катышты.
Жалпы узундугу Төлөнов көчөсүнө чейин 2,6 чакырымды түзөт. Реконструкциядан кийин 4 тилкелүү кең жолго айланды.
Ы.Монуев көчөсү толук капиталдык оңдоодон өтүп, кечээ расмий пайдаланууга берилди. Калаа башчысы Жанарбек Акаев жеринен көрүп, аткарылган иштин сапаты менен таанышты.