Мамлекеттик банктар санкциялык тобокелдиктери жогору 284 компания менен ишкердигин токтотту

Мамлекеттик банктар санкциялык тобокелдиктери жогору 284 компания менен ишкердигин токтотту

Кыргызстандын мамлекеттик банктары жыл башынан бери санкциялык тобокелдиктери жогору 284 компания менен ишкердик мамилелерин токтотту. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдирди.

Билдирүүгө караганда, кечээ тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн жана санкциялык тобокелдиктери жогору операциялардын ак ниетсиз катышуучуларын аныктоо боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун жыйыны өткөн.

Ага КРнын Президентинин санкциялык саясат жана санкциялык тобокелдиктерди минималдаштыруу маселелери боюнча атайын өкүлү Бакыт Сыдыков төрагалык кылды.

Жыйында мамлекеттик органдардын санкциялык тобокелдиктери жогору юридикалык жактарды аныктоо жана текшерүү боюнча ишинин жыйынтыктары, ошондой эле тиешелүү тизмени түзүү жана колдонуу маселелери каралды.

5-ноябрга карата "АБанк" ААКсы ишмердүүлүгү санкциялык тобокелдиктери жогору болгон 115 компания менен ишкердик мамилелерин токтотту. Болжол менен 37 компания мониторинг баскычында турат.

Ал эми "Элдик Банк" ААКсы 169 компания менен ишкердик мамилелерин токтотту. Дагы төрт компания текшерүү баскычында турат.

Анда өзүнчө эл аралык өнөктөштөр, анын ичинде Европа биримдиги, АКШ жана Улуу Британия менен өз ара аракеттенүү маселелери талкууланды.

Министр санкциялык тобокелдиктерди өз убагында аныктоо жана минималдаштыруу боюнча мамлекеттик органдардын, финансылык жөнгө салуучу органдардын жана банк секторунун макулдашылган ишин улантуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Жыйындын жыйынтыгы боюнча финансылык ачык-айкындуулукту бекемдөө, ведомстволор аралык координацияны өркүндөтүү жана эл аралык өнөктөштөр менен конструктивдүү диалогду өнүктүрүү боюнча мындан аркы иш багыттары аныкталды.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кыргызстанга медицина тармагын өнүктүрүүгө 15 млн доллар бөлүнөт

Global Finance басылмасынын версиясы боюнча DemirBank 2026-жылы "Кыргызстандын мыкты банкы" деп таанылды

Жалал-Абадда мыйзамсыз кум-шагыл казган эки жаранга айып пул салынды

Улуттук банк банктар жана төлөм уюмдары үчүн жаңы талаптарды сунуштады

Кыргызстан баштапкы меджардамды жакшыртууга 15 млн $ кошумча каржылоо алат