Жалал-Абадда мыйзамсыз кум-шагыл казган эки жаранга айып пул салынды
Жалал-Абад облусунда мыйзамсыз кум-шагыл казып алуу фактылары аныкталып, эки жаранга 13 миң сомдон айып пул салынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, министрликтин Жалал-Абад регионалдык башкармалыгы тарабынан Сузак жана Ноокен райондорунда жаратылыш ресурстарын пайдалануу эрежелеринин сакталышын көзөмөлдөө максатында рейддик иш-чаралар өткөрүлгөн.
Текшерүү учурунда Сузак районундагы Көк-Арт дарыясынын өндүрүш зонасынан төмөнкү бөлүгүндө оор техникалардын жардамы менен мыйзамсыз кум-шагыл казылып жатканы аныкталган. Бул факт боюнча күнөөлүү тарапка 13 миң сом айып пул салынган.
Ошондой эле Ноокен районунун Арал айылынын аймагындагы Кара-Үңкүр дарыясында уруксат берүүчү документтери жок кум-шагыл аралашмасын казып алуу фактысы катталган. Укук бузуу боюнча протокол түзүлүп, жаранга 13 миң сом айып пул салынган.
Министрликтин маалыматына караганда, рейд учурунда мыйзам бузган жарандарга жаратылыш ресурстарын пайдалануу тартиби жана тиешелүү уруксат берүүчү документтердин зарылдыгы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу