Кыргызстан баштапкы меджардамды жакшыртууга 15 млн $ кошумча каржылоо алат
Кыргызстанда баштапкы медициналык-санитардык жардамдын сапатын жогорулатуу максатында 15 млн доллар өлчөмүндө кошумча каржылоо сунушталууда. Бул каражаттын 10 млн доллары насыя, 5 млн доллары грант түрүндө берилет. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 5-ноябрда Бишкекте КРнын делегациясы менен Дүйнөлүк банктын тобуна кирген Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (ЭӨА) өкүлдөрүнүн ортосунда сүйлөшүүлөр жүрдү.
Жолугушууда баштапкы медициналык-санитардык жардамдын сапатын жогорулатуу боюнча долбоорду экинчи жолу кошумча каржылоо маселеси талкууланды. Тараптар каржылоо жөнүндө макулдашуунун долбоорун жана каражаттарды бөлүп берүүнүн шарттарын карап чыгып, сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча тиешелүү протоколго кол коюшту.
Сунушталган 15 млн $ ичинен 10 млн $ Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын насыясы, калган 5 млн $ көп тараптуу донордук трасттык фонддун (MDTF) гранты болот.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу