Рыноктук кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмү 2,4 трлн сомду түздү
Рыноктук кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмү 10 айда 2 трлн 403,1 млрд сомду түзүп, былтыркы январь-октябрына салыштырганда 4,2 пайызга көбөйдү.
Улуттук статистика комитетинин отчётуна караганда, кызмат көрсөтүүлөрдүн эң чоң үлүшү автоунааларды жана мотоциклдерди оңдоого (1 889 173,5 млрд сом) туш келет. Ал эми билим берүү тармагында 17 млрд 771,7 млн сом жана саламаттыкты сактоо менен калкты социалдык жактан тейлөөдө 19 млрд 711 млн сомду түзгөн.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу