Чүйдүн энергетиктерине 8 дизелдик генераторлор тапшырылды – баасы 11 млн сомго жакын

Чүйдүн энергетиктерине 8 дизелдик генераторлор тапшырылды – баасы 11 млн сомго жакын

Энергетика министри Таалайбек Ибраев Чүй электр тармактар ишканасынын базасында «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКка кубаттуулугу 120 кВт болгон 8 дизелдик генераторлорду тапшырды. Сатып алынган техниканын жалпы суммасы 10.9 млн сомду түздү.  Бул тууралуу министрлик билдирди.

Такталгандай, генераторлор компаниянын 8 филиалына – Бишкек шаарында жана республиканын ар бир областында жайгашкан электр тармактар ишканаларына өткөрүлүп берилет. Энергетиктер генераторлорду жогорку чыңалуудагы көмөкчордондордо жана 10/0.4 кВ электр тармактарда оңдоо иштерин жүргүзүүдө керектөөчүлөрдү үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо үчүн колдонушат, ошондой эле аба чубалгылары жок болгон учурда талаада көчмө энергия булагы катары кызмат кылат.

120 кВт кубаттуулуктагы дизелдик генераторлор бышык, узак мөөнөттүү үзгүлтүксүз иштөөгө эффективдүү ылайыкташтырылган жана чоң жүктөргө туруштук бере алат.

Чыгымдарды оптималдаштыруу, электр менен камсыздоо процесстерин санариптештирүү, ошондой эле электр энергиясына тарифти 23 тыйынга (2023-жылдын 1-майынан 77 тыйындан 1 сомго чейин) көтөрүү менен ар бир электр тармактар ишканасын жаңы генераторлор менен камсыз кылууга мүмкүн болду.

Мындан тышкары окуңуз

Таласта болгон сел ички чарба жолдорду жууп кетти

Таласта болгон сел ички чарба жолдорду жууп кетти

18-июнда Талас районунун Шумкар-Уя айыл аймагындагы Кара-Ой айылында тоолорго жааган катуу жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, 2 сарайдын короосун каптап, ички чарба жолдорун жууп кеткен. ӨКМДин маалыматына ылайык, 19-июнда жүргүзүлгөн тактоо иштеринде материалдык зыян жок экени аныкталып, селден жабыркаган жол тилкелери жана 300 метр ички арыктар атайын

“Менин шаарым” тиркемеси аркылуу унаа токтотуучу  жайлардын акысын төлөсө болот

“Менин шаарым” тиркемеси аркылуу унаа токтотуучу  жайлардын акысын төлөсө болот

Бишкек шаарынын мэриясы шаардыктар үчүн санариптик кызматтарды өнүктүрүү боюнча ишин улантууда. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти. Маалыматка караганда, Бишкек шаарынын мэриясынын “Санариптик технологиялар борбору” муниципалдык ишканасы “Шаардык жол-транспорттук инфратүзүм” муниципалдык ишканасы менен биргеликте “Менин шаарым” мобилдик тиркемеси аркылуу муниципалдык унаа токтотуучу жайлардын акысын төлөө мүмкүнчүлүгүн ишке ашырды.  Төлөм

Бишкектеги Токомбаев проспектиси менен Байтик Баатыр көчөсүнүн кесилиши ачылды

Бишкектеги Токомбаев проспектиси менен Байтик Баатыр көчөсүнүн кесилиши ачылды

Аалы Токомбаев проспектиси менен Байтик Баатыр көчөсүнүн кесилиши автоунаа кыймылы үчүн ачылды. Бишкек шаардык мэриясынын маалыматына ылайык, жол чийиндери аба ырайы жакшыргандан кийин түшүрүлөрүн эскертти. Учурда аталган кесилиште бардык жол белгилери орнотулган. Бишкек шаарынын мэриясы жол кыймылынын бардык катышуучуларын ылдамдыкты сактоого, убактылуу жол белгилеринин талаптарын так аткарууга чакырат. Кыргызстандын экономика,

Кыргызстан менен Германиянын ишкердик кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт

Кыргызстан менен Германиянын ишкердик кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргызстандын Бавария жана Тюрингиядагы Ардактуу башкы консулу Райнхольд Крэммельди кабыл алды.  Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн айтымында, тараптар эки өлкөнүн ортосунда экономика, инвестициялар жана бизнес-форумдарды өткөрүү сыяктуу багыттарда кызматташтыкты тереңдетүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Ошондой эле МинКаб башчысы жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-герман ишкердик кеңешинин алкагындагы кызматташтык