75 миңден ашуун аз камсыз болгон үй-бүлөлөр электр энергиясын жеңилдетилген тариф менен колдонушат

75 миңден ашуун аз камсыз болгон үй-бүлөлөр электр энергиясын жеңилдетилген тариф менен колдонушат

2022-жылдан тартып электр энергиясын айына 700 кВт саатка чейин керектелген учурда 1 кВт саатына 50,0 тыйын жеңилдик каралган. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

Үстүбүздөгү жылдын 1-мартына карата 75 189 аз камсыз болгон үй-бүлө жеңилдетилген тарифтер менен пайдаланат, бул "үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пул алуучулардын 91,2% түзөт.

Аз камсыз болгон үй-бүлөлөр электр энергиясына болгон жеңилдикти албагандыгынын негизги себептери: үй-бүлөлөр батирде жашагандыгына байланыштуу, электр энергиясына болгон жеке эсептик счётчиктеринин жоктугу, дача аймактарында жашагандар (кызыл китебинин жоктугуна байланыштуу), өндүрүштүк жайларда жана ошондой эле электр жарыгы жок жашаган үй-бүлөлөр кездешет (кашар, электр зымдары тартыла элек курулуштарда жашагандар, энергокомпаниялар менен келишими жок үйлөрдө жашагандар).

Мындан тышкары окуңуз

Оштогу борбордук стадиондун курулуш иштерине текшерүү жүргүзүлдү

Оштогу борбордук стадиондун курулуш иштерине текшерүү жүргүзүлдү

Ош шаарындагы А. Суюмбаев атындагы борбордук стадиондун курулуш иштери боюнча видео кайрылуу түшкөн. Анын негизинде 6-февралда Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Ош региондук башкармалыгы объектте текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынан билдиришти. Текшерүү учурунда трибуналардагы негизги темир-бетон конструкцияларында конструктивдик бузулуулар жана кооптуу

Кыргызстан виртуалдык активдер боюнча Борбор Азияда алдыңкы орунда

Кыргызстан виртуалдык активдер боюнча Борбор Азияда алдыңкы орунда

Кыргызстан 2024-жылы виртуалдык активдердин жүгүртүүсү боюнча Казакстандан 8,5 эсе, ал эми Өзбекстандан 19 эсе алдыга чыкты. Бул тууралуу Виртуалдык активдер рыногунун катышуучуларынын ассоциациясы (ВАРКА) билдирди. Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын маалыматына ылайык, 2025-жылдын 9 айлык отчетунда Кыргызстандын виртуалдык активдер боюнча жылдык жүгүртүүсү 1,78 трлн сомду (20

ӨКМ: жоокерлердин коопсуздугун 112 видеокөзөмөл камсыз кылат

ӨКМ: жоокерлердин коопсуздугун 112 видеокөзөмөл камсыз кылат

Күн мурун өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борбор барып, өздүк курамдын даярдыгы, борбордун ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Министр алгач аскердик кызматын өтөп жаткан жоокерлерден кабар алып, жатаканасынан, машыккан жайларына чейин көрүп чыкты. Ошондой эле мөөнөттөгү жоокерлерге кысым көрсөтүүнү болтурбоо үчүн жатканаларга, машыккан жайларга коюлган

Оштогу мурдагы “Турбаза” муниципалдык баланска кайтарылат

Оштогу мурдагы “Турбаза” муниципалдык баланска кайтарылат

Ош шаарынын Курманжан датка муниципалдык аймактык башкармалыгында жайгашкан мурдагы “Турбаза” объектисин мэриянын балансына кайтаруу иштери башталат. Бул тууралуу Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев таңкы рейддик кыдыруу учурунда билдирди. Шаар башчысы имараттын учурдагы абалы канааттандырарлык эмес экенин белгилеп, объектти шаардык баланска өткөрүү жана толук капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү боюнча тиешелүү жетекчилерге конкреттүү