Үч-Коргон ГЭСинин №4 гидроагрегатын реконструкциялоо иштери кызуу жүрүүдө

Үч-Коргон ГЭСинин №4 гидроагрегатын реконструкциялоо иштери кызуу жүрүүдө

«Электр станциялар» ААКнын  эң биринчи салынган жана эскилиги жеткен Үч-Коргон ГЭСинин №4 гидроагрегатын реконструкциялоо ишинин башталганына 14 күн болду. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.

Энергетиктердин негизги максаты калкты электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн 2024-2025-жылдын күз-кыш мезгилине жакшы даярдык менен кирүү жана ага чейин Үч-Коргон ГЭСтин рекструкцияга берилген ГАсын толук бүткөрүү.

«Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоо» долбоорунун алкагында ГА демантаждоо иштери  кызуу жүрүп жатат.

Бүгүнкү күнгө аткарылган иштер боюнча ыкчам отчет: 

·      Документтер менен иштөө: долбоорлорду, иш өндүрүш долбоорлорун жана графиктерди даярдоо;

·      Монтаж аянтчасында жаңы статорду чогултуу:

o   статорду монтаждоо аймагында орнотуу, чогултуу, ширетүү жана текшерүү иштери;

o   позициялоочу таякчаларды орнотуу боюнча иштер улантылууда;

·      №4 гидроагрегатынын демонтаждоо иштери:

o   полюстарды демонтаждоо, мунай линиясын, суу түтүктөрүн, жогорку багыттоочу подшипникти, статордун таякчаларын (стержень) жана бирикмелерин (шины) демонтаждоо;

o   үстүнкү кайчылаштарын демонтаждоо иштери, статор сегментерин демонтаждоо иштери улантуулуда;

·      Кургатуу системаны №2 насосунун реабилитациялоо иштери:

o   жабуучу плитасын бузуу иштери, метал каркасын бетон үчүн орнотуу, түтүктөрдү жана кронштейндери орнотуу, жабуу клапанын жана текшерүү клапанын монтаждоо, насосунун фильтр торун жасоо;

o   сорулуучу түтүктү жайгаштыруу жана насосту текшерүү иштер бүттү

·      Дренаждык системаны реабилитациялоо жумуштары:

o   эски №3 жана №2 авариялык суу астындагы насосторду жана суу түтүктөрун демонтаждоо иштери;

o   жаңы №2 авариялык суу астындагы насосту орнотуу жана сыноо иштери аткарылды (убактылуу схема боюнча);

o   дренаж тутумун жана монорельс орнотуу боюнча даярдык иштери, эски монорельсти демантаждоо жана монорельс орнотулучу шыпка тешиктерди бургулоо иштери;

·      Машина бөлмөсүнүн полу: №4 гидроагрегатка башкаруу шкафтары үчүн тешиктерди бургулоо иштери бүттү;

·      Демонтаждалган жабдууларды ТК ГЭСКнын кампасына ташуу жана жеткирүү иштери аткарылууда;

·      Спиралдык камеранын капкагын ачуу, соргуч түтүк конусунун капкагын ачуу, шахта турбинасына оңдоо аянтчасын орнотуу, турбинанын валын жана генератордун валын бекитүүчү болтторду демонтаждоо (0,5те аткарылат), жумушчу дөңгөлөктүн камерасынын оңдоо платформасын монтаждоо,ГА статорунун болтторун демонтаждоо, статордун бириктирүүчү тигиштерин кесүү, статордун алдын ала түтүктөрү жасалган.

Долбоордун максаттары:

·      физикалык жана моралдык жактан эскирген жабдууларды алмаштыруу жолу менен ГЭСти калыбына келтирүү

·      тереңдөө иштерин жүргүзүү үчүн жабдуулар жана ага байланыштуу кызматтар;

·      электр механикалык генерациялоочу жабдууларды(кубатын 20%ке чейин жогорулатуу менен) жана ГЭСтин болот гидротехникалык конструкцияларын алмаштыруу.

Мындан тышкары окуңуз

МинКаб Сокулукта 2 чакан ГЭСти куруу боюнча инвестициялык келишимди жактырды

МинКаб Сокулукта 2 чакан ГЭСти куруу боюнча инвестициялык келишимди жактырды

Министрлер кабинети Сокулук ГЭС-3 менен Чүй облусунун Сокулук районунда "Сокулук ГЭС-3" жана "Туюк ГЭС" чакан гидроэлектр станцияларын куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча инвестициялык келишимдин долбоорун жактырды. Келишимге Министрлер кабинетинин атынан кол коюу президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жетекчисине жүктөлдү. Келишим долбооруна ылайык, биринчи этапта Сокулук

"Аю Холдинг" компаниясынын ээси Ш. Абдыкеримов К.Ташиевге жооп берди

"Аю Холдинг" компаниясынын ээси Ш. Абдыкеримов К.Ташиевге жооп берди

Учурда чет өлкөдө жашап жаткан ишкер, Кыргызстанда "Аю Холдинг" ири компаниясын түптөгөн экс-депутат Шаршенбек Абдыкеримов УКМК мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевге жооп берди. Ал мүлкүнөн айрылганы боюнча “болгон фактыны” айтып жатканын 28-мартта Фейсбук баракчасына жазганын "Азаттык" жарыялады. “Урматтуу Камчыбек Ташиев, сиз менин кайрылуумду “калп” деп жатасыз. Мен

"Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" – Глобалдык акча жумалыгы

"Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" – Глобалдык акча жумалыгы

Эртеңден тартып Кыргызстанда финансылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча жыл сайын өтүүчү Глобалдык акча жумалыгы башталарын Улуттук банктан билдиришти. Өнөктүк "Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" деген ураан менен өтөт. Анда калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу, чыгашаларды көзөмөлдөө жана инвестициялоо көндүмдөрүн калыптандыруудан тартып, алдамчылыктан коргонуу ыкмалары боюнча маалыматтар берилет. 30-марттан

Дүйнө азык-түлүк каатчылыгына кептелиши ыктымал

Дүйнө азык-түлүк каатчылыгына кептелиши ыктымал

Дүйнө өлкөлөрү азык-түлүк кризисинин босогосунда турганын жана дүйнөлүк азык-түлүктүн 50%ы синтетикалык жер семирткичтерге көз каранды экенин аналитик Лукас Эквуаме эскертти. Түндүк жарым шарда эгүү сезону башталып жатат, бирок жер семирткичтерге жеткиликтүүлүк өтө чектелүү. Ормуз кысыгындагы көйгөйлөрдөн улам жер семирткичтердин жеткирүүлөрүнүн болжол менен 30%ы үзгүлтүккө учурады, дагы 20%ы