С.Жапаров: Энергетика карызы 5 жылда 137 млрд сомдон 25 млрд сомго азайды

С.Жапаров: Энергетика карызы 5 жылда 137 млрд сомдон 25 млрд сомго азайды

 Президент Садыр Жапаров “Кабар” маалымат агенттигине өлкөдөгү электр энергиясынын тартыштыгы боюнча  сүйлөп, акыркы беш жылда кырдаал кыйла жакшырганын белгиледи.

Анын айтымында, 2021-жылдын башында энергетика тармагынын карызы 137 млрд сомду түзгөн.

“Энергетика тармагындагы жасалган реформанын, коррупцияны жана уурулукту жок кылганыбыздын натыйжасында азыр болгону 25 млрд сом карызы калды. Муну дагы кийинки жылдын аягына чейин толук кутулуп, киреше алганга чыгабыз деп турушат. Болгону 5 жылда ушундай жыйынтыкка жетиштик. Эки жарым жылдан кийин башка өлкөлөрдөн электр энергиясын импорт кылбай, өз керектөөлөрүбүздү өз күчүбүз менен жаап баштайбыз”,-дейт ал. 

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда климатологдор даярдалышы керек

Кыргызстанда климатологдор даярдалышы керек

МинКаб 2025–2030-жылдарга карата климаттык билим берүү жана агартууну өнүктүрүү программасын, ошондой эле аны ишке ашыруу үчүн зарыл болгон иш-чаралар планын жана индикаторлор матрицасын бекитүү тууралуу токтомдун долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Документ билим берүү жана коомдук бардык деңгээлдерде климаттык агартуунун бирдиктүү, туруктуу жана инклюзивдүү тутумун түзүүгө багытталган. Негиздеме-маалымкатта Кыргызстан Борбор

Ошто 872 516 сом алимент өндүрүлдү

Ошто 872 516 сом алимент өндүрүлдү

Ош шаарында 872 миң 516 сом өлчөмүндөгү алимент боюнча карыз толугу менен өндүрүлгөнүн Башкы прокуратурага караштуу Сот аткаруучулар кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, Ош шаардык Сот аткаруучулар кызматынын бөлүмүндө жүргүзүлгөн аткаруу өндүрүшүнүн алкагында карызкор Д.Э.ден Б.Э.нин пайдасына, үч баланы 18 жашка толгонго чейин багуу үчүн ай сайын

Улуттук банк санарип сом платформасын пилоттук тестирлөөсүн ишке киргизүүгө даярданууда

Улуттук банк санарип сом платформасын пилоттук тестирлөөсүн ишке киргизүүгө даярданууда

Министрлер кабинетинин иш-чаралар планына ылайык, Кыргызстанда санарип сомдун пилоттук долбоорунун ишке киргизилиши 2026-жылдын аягында — 2027-жылдын башында өткөрүлө тургандыгы маалым болгон. Санарип сом — бул Улуттук банк тарабынан чыгарылуучу улуттук валютанын санарип формасы. Азыркы учурда Кыргызстанда улуттук валютанын эки формасы бар, алар – накталай сом, жана коммерциялык банктар менен Улуттук банктагы эсептерде жайгашкан

Салык кызматы салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү жана айып пулдар тууралуу эскертти

Салык кызматы салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү жана айып пулдар тууралуу эскертти

Тийиштүү реестрге киргизилген мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер Бирдиктүү салык декларациясын өз убагында тапшырууга милдеттүү экенин радионун түз эфиринде Мамлекеттик салык кызматынын декларациялоо жана салыктык эмес төлөмдөр башкармалыгынын башчысы Чынара Мамырбаева билдирди. Анын айтымында, милдеттүү түрдө декларация тапшырууга тийиш болгон кызмат адамдарынын тизмеси президенттин 2017-жылдын 31-январындагы №17 жарлыгы менен бекитилген. Декларация