Кыргызстанда климатологдор даярдалышы керек

Кыргызстанда климатологдор даярдалышы керек

МинКаб 2025–2030-жылдарга карата климаттык билим берүү жана агартууну өнүктүрүү программасын, ошондой эле аны ишке ашыруу үчүн зарыл болгон иш-чаралар планын жана индикаторлор матрицасын бекитүү тууралуу токтомдун долбоорун коомдук талкууга чыгарды.

Документ билим берүү жана коомдук бардык деңгээлдерде климаттык агартуунун бирдиктүү, туруктуу жана инклюзивдүү тутумун түзүүгө багытталган.

Негиздеме-маалымкатта Кыргызстан Борбор Азиядагы климаттык коркунучтарга эң аярлуу өлкөлөрдүн катарына кирери белгиленет. Муздардын эриши, тоолуу экосистемалардын деградациясы, суу тартыштыгы жана табигый коркунучтардын көбөйүшү экономиканын туруктуулугуна жана калктын жашоосуна түздөн-түз таасирин тийгизүүдө. Мындай шартта мамлекетке климаттык билимди өнүктүрүү боюнча системалуу ыкма зарыл экени айтылат.

Программа климаттык билим берүү жаатындагы мамлекеттик саясатты бекемдеп, өлкөнүн эл аралык милдеттенмелерин — Париж келишимин, БУУнун Климаттын өзгөрүшү жөнүндө алкактык конвенциясын жана Туруктуу өнүгүү максаттарын эске алат. Анда адистерди даярдоонун, жаштардын, мамлекеттик кызматкерлердин жана педагогдордун климаттык сабаттуулугун жогорулатуунун, ошондой эле илимий изилдөөлөрдү жана санариптик инструменттерди өнүктүрүүнүн зарылдыгы баса белгиленет.

Айрыкча климаттык билим берүүнүн калктын бардык катмарлары үчүн жеткиликтүүлүгүнө көңүл бурулуп, гендердик сезимталдыкты сактоо, балдар менен жаштардын экологиялык демилгелерге активдүү катышуусу маанилүү деп көрсөтүлөт.

Мындан тышкары окуңуз

Германиянын Fleckvieh породасындагы асыл тукум малды КРда көбөйтүү талкууланды

Германиянын Fleckvieh породасындагы асыл тукум малды КРда көбөйтүү талкууланды

Кыргызстанда сүт жана эт багытындагы жогорку өндүрүмдүү Fleckvieh породасындагы малды көбөйтүү жана генетикалык сапатын жакшыртуу маселелери талкууланды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, аталган министрдин орун басары Мирбек Дүйшеев Германиянын Bayern-Genetik GmbH компаниясынын өкүлдөрү жана “Токбай Агро” ишканасынын жетекчиси Арсен

Ишкер Media
Ош облусунда миграциядан келген үй-бүлөлөр “Социалдык контракттын” алкагында бизнес ачууда

Ош облусунда миграциядан келген үй-бүлөлөр “Социалдык контракттын” алкагында бизнес ачууда

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Алмаз Имангазиев Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында мекенине кайтып келген үй-бүлөлөрдөн кабар алды. Министрликтен маалымдагандай, министр алардын жашоо шарттары, учурдагы муктаждыктары жана социалдык адаптация маселелери менен таанышып чыкты. Жолугушуунун жүрүшүндө министр үй-бүлө мүчөлөрү менен баарлашып, алардын кайрылууларын угуп, зарыл болгон социалдык

Ишкер Media
Баткенде мыйзамсыз валюта алмаштырган жаранга айып пул салынды

Баткенде мыйзамсыз валюта алмаштырган жаранга айып пул салынды

Баткен облусунда Улуттук банктын лицензиясы жок чет өлкө валютасын алмаштыруу операцияларын жүргүзгөн жаранга айып пул салынды. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди. Маалыматка ылайык, мыйзамсыз ишмердүүлүк жүргүзгөн Кыргызстандын С.С.М. аттуу жаранына 17 миң 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды. Айып пул Улуттук банктын Баткен облусундагы өкүлчүлүгү тарабынан салынган. Кыргызстандын

Ишкер Media
ЭЭАда иш алып барган ишканалардын экспорттук мүмкүнчүлүктөрү талкууланды

ЭЭАда иш алып барган ишканалардын экспорттук мүмкүнчүлүктөрү талкууланды

Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысынын орун басары Дамирбек Бикулов эркин экономикалык аймактардын (ЭЭА) жетекчилери менен кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Жолугушууда ЭЭА жетекчилери 2026-жылдын тогуз айындагы иштин жыйынтыктары, жетишилген көрсөткүчтөр жана учурдагы иштердин натыйжалары тууралуу маалыматтарды беришти. Катышуучулар инвестиция тартуу, өндүрүштү өнүктүрүү, инфраструктураны жакшыртуу

Ишкер Media