Энергетика министрлиги: Ысык-Көлдө 36 миңден ашык акылдуу эсептегич орнотулду

Энергетика министрлиги: Ысык-Көлдө 36 миңден ашык акылдуу эсептегич орнотулду

Ысык-Көл облусунда электр тармагын санариптештирүү активдүү жүрүүдө. Жыл башынан бери аймактагы 36 272 акылдуу эсептегич орнотулду, жана 2025-жылдын соңуна чейин 55 923 даана орнотуу пландалууда. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Иш чара электр энергиясын бөлүштүрүү жана эсептөөнүн натыйжалуулугун жогорулатуу максатында жүргүзүлүп, Энергетика министрлиги тарабынан көзөмөлдөнүп турат.

Акылдуу эсептегичтер:

  • Көрсөткүчтөрдү реалдуу убакытта жөнөтөт;
  • Электр жабдууларын ашыкча жүктөөдөн коргойт;
  • Сырттан кийлигишүүнү аныктайт;
  • Дебитордук карыз болгондо автоматтык өчүрүлүп, төлөмдөн кийин кайра кошулат;
  • Коррупциялык тобокелдиктерди азайтат.
Бул санариптештирүү электр энергиясын ачык, так жана коопсуз пайдаланууга, ошондой эле керектөөчүлөр үчүн кызмат сапатын жакшыртууга өбөлгө түзөт.

 Суроолор үчүн: 105; 1209
+996 772 001209; +996 556 001209
WhatsApp: +996 702 001209

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда климатологдор даярдалышы керек

Кыргызстанда климатологдор даярдалышы керек

МинКаб 2025–2030-жылдарга карата климаттык билим берүү жана агартууну өнүктүрүү программасын, ошондой эле аны ишке ашыруу үчүн зарыл болгон иш-чаралар планын жана индикаторлор матрицасын бекитүү тууралуу токтомдун долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Документ билим берүү жана коомдук бардык деңгээлдерде климаттык агартуунун бирдиктүү, туруктуу жана инклюзивдүү тутумун түзүүгө багытталган. Негиздеме-маалымкатта Кыргызстан Борбор

Ошто 872 516 сом алимент өндүрүлдү

Ошто 872 516 сом алимент өндүрүлдү

Ош шаарында 872 миң 516 сом өлчөмүндөгү алимент боюнча карыз толугу менен өндүрүлгөнүн Башкы прокуратурага караштуу Сот аткаруучулар кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, Ош шаардык Сот аткаруучулар кызматынын бөлүмүндө жүргүзүлгөн аткаруу өндүрүшүнүн алкагында карызкор Д.Э.ден Б.Э.нин пайдасына, үч баланы 18 жашка толгонго чейин багуу үчүн ай сайын

Улуттук банк санарип сом платформасын пилоттук тестирлөөсүн ишке киргизүүгө даярданууда

Улуттук банк санарип сом платформасын пилоттук тестирлөөсүн ишке киргизүүгө даярданууда

Министрлер кабинетинин иш-чаралар планына ылайык, Кыргызстанда санарип сомдун пилоттук долбоорунун ишке киргизилиши 2026-жылдын аягында — 2027-жылдын башында өткөрүлө тургандыгы маалым болгон. Санарип сом — бул Улуттук банк тарабынан чыгарылуучу улуттук валютанын санарип формасы. Азыркы учурда Кыргызстанда улуттук валютанын эки формасы бар, алар – накталай сом, жана коммерциялык банктар менен Улуттук банктагы эсептерде жайгашкан

Салык кызматы салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү жана айып пулдар тууралуу эскертти

Салык кызматы салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү жана айып пулдар тууралуу эскертти

Тийиштүү реестрге киргизилген мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер Бирдиктүү салык декларациясын өз убагында тапшырууга милдеттүү экенин радионун түз эфиринде Мамлекеттик салык кызматынын декларациялоо жана салыктык эмес төлөмдөр башкармалыгынын башчысы Чынара Мамырбаева билдирди. Анын айтымында, милдеттүү түрдө декларация тапшырууга тийиш болгон кызмат адамдарынын тизмеси президенттин 2017-жылдын 31-январындагы №17 жарлыгы менен бекитилген. Декларация