Ош шаарында “Кең-Сай” көмөк чордону пайдаланууга берилди

Ош шаарында “Кең-Сай” көмөк чордону пайдаланууга берилди

Энергетика министрлиги Ош шаарынын Кең-Сай массивинде жайгашкан “Кең-Сай” көмөк чордонун пайдаланууга берди. Объект пландагы мөөнөтүнөн мурда бүткөрүлдү.

Министрликтин маалыматына ылайык, ачылыш аземине энергетика министри Таалайбек Ибраев, Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКсынын башкы директору И.Сыдыгалиев жана жергиликтүү тургундар катышты.

Курулуш иштери “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААК тарабынан аткарылып, долбоорго 18,5 млн сом жумшалды. Жаңы 110/10 кВ “Кең-Сай” көмөк чордону Кең-Сай жаңы конушун, Гулбаар, Кеңеш жана Жапалак айылдарын туруктуу электр энергиясы менен камсыз кылат. Ошондой эле Ош шаарынын 3000 түтүнүн, Араван районунун 1124 гектар жериндеги 6877 тургунга электр берүү мүмкүнчүлүгүн жаратат.

Көмөк чордондун ишке кирүүсү “Учар” жана “Гулбаар” көмөк чордондорунун жүктөмүн азайтып, Ош шаарынын энергетикалык туруктуулугун жогорулатат. Ал жаңы 110 кВ “Узловая–Мангыт” аба чубалгысына туташтырылып, заманбап электр жабдуулары менен камсыздалган.

Бул долбоор Ош шаарынын инфраструктурасын өнүктүрүүгө, жаңы керектөөчүлөрдү улуттук электр тармагына кошууга жана шаардыктардын жашоо сапатын жакшыртууга өбөлгө түзөт.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто 872 516 сом алимент өндүрүлдү

Ошто 872 516 сом алимент өндүрүлдү

Ош шаарында 872 миң 516 сом өлчөмүндөгү алимент боюнча карыз толугу менен өндүрүлгөнүн Башкы прокуратурага караштуу Сот аткаруучулар кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, Ош шаардык Сот аткаруучулар кызматынын бөлүмүндө жүргүзүлгөн аткаруу өндүрүшүнүн алкагында карызкор Д.Э.ден Б.Э.нин пайдасына, үч баланы 18 жашка толгонго чейин багуу үчүн ай сайын

Улуттук банк санарип сом платформасын пилоттук тестирлөөсүн ишке киргизүүгө даярданууда

Улуттук банк санарип сом платформасын пилоттук тестирлөөсүн ишке киргизүүгө даярданууда

Министрлер кабинетинин иш-чаралар планына ылайык, Кыргызстанда санарип сомдун пилоттук долбоорунун ишке киргизилиши 2026-жылдын аягында — 2027-жылдын башында өткөрүлө тургандыгы маалым болгон. Санарип сом — бул Улуттук банк тарабынан чыгарылуучу улуттук валютанын санарип формасы. Азыркы учурда Кыргызстанда улуттук валютанын эки формасы бар, алар – накталай сом, жана коммерциялык банктар менен Улуттук банктагы эсептерде жайгашкан

Салык кызматы салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү жана айып пулдар тууралуу эскертти

Салык кызматы салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү жана айып пулдар тууралуу эскертти

Тийиштүү реестрге киргизилген мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер Бирдиктүү салык декларациясын өз убагында тапшырууга милдеттүү экенин радионун түз эфиринде Мамлекеттик салык кызматынын декларациялоо жана салыктык эмес төлөмдөр башкармалыгынын башчысы Чынара Мамырбаева билдирди. Анын айтымында, милдеттүү түрдө декларация тапшырууга тийиш болгон кызмат адамдарынын тизмеси президенттин 2017-жылдын 31-январындагы №17 жарлыгы менен бекитилген. Декларация

Ош шаарынын башкы архитектурасынын кызматкерлери кармалды

Ош шаарынын башкы архитектурасынын кызматкерлери кармалды

Ошто курулуш стандарттарын одоно бузуу менен курулган бир катар курулуш долбоорлору аныкталганын УКМКдан билдиришти. Атайын кызматтын маалыматына караганда, курулуш компаниялары унаа токтотуучу жайлар боюнча жалган маалымат берип, Ош архитектурасы ал долбоорлорду мыйзамсыз бекитип турган.  Курулуш компаниялары пайда көрүү үчүн унаа токтотуучу жайлардын ордуна коммерциялык имараттарды куруп салышкан.  Ош архитектурасынын кызматкерлери