Таласта көмөк чордондорду оңдоп-түзөө иштери 100%га аяктады

Таласта көмөк чордондорду оңдоп-түзөө иштери 100%га аяктады

Энергетика министрлиги жүргүзгөн реформалардын алкагында "КУЭТ" ААКнын Талас электр тармактар ишканасы 2025-жылга пландалган бардык негизги оңдоо жана жаңыртуу иштерин толугу менен 100% аткарды.

Атап айтканда, 35 кВ жана андан жогору чыңалуудагы 30 даана көмөк чордондордо жабдыктар капиталдык оңдоодон, 1 608 даана жабдык техникалык тейлөөдөн өттү. "Беш-Таш", "Бейшеке" жана "Конезавод" чордондорунда эски ОДКЗ-35 жабдыктар заманбап блочтук өчүргүчтөргө алмаштырылды.

Ошондой эле, 500/220/10 кВ "Төлөбердиева" көмөк чордонунда релейдик коргоо панелдеринин модернизациясы уланууда. Бул иштер авариялык кырдаалдарды алдын алуу жана электр энергиясынын ишенимдүүлүгүн жогорулатуу максатында жүргүзүлүүдө.

Ишкана алдыда да жабдууларды жаңыртуу, коопсуздук жана үзгүлтүксүз энергия менен камсыздоо иштерин уланта берет.

Энергия маселелери боюнча суроолор жаралса, күнү-түнү иштеген колл-борборлорго кайрылса болот: 105 (акысыз), 1209, 0772 001209, 0556 001209, WhatsApp: 0702 001209.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда климатологдор даярдалышы керек

Кыргызстанда климатологдор даярдалышы керек

МинКаб 2025–2030-жылдарга карата климаттык билим берүү жана агартууну өнүктүрүү программасын, ошондой эле аны ишке ашыруу үчүн зарыл болгон иш-чаралар планын жана индикаторлор матрицасын бекитүү тууралуу токтомдун долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Документ билим берүү жана коомдук бардык деңгээлдерде климаттык агартуунун бирдиктүү, туруктуу жана инклюзивдүү тутумун түзүүгө багытталган. Негиздеме-маалымкатта Кыргызстан Борбор

Ошто 872 516 сом алимент өндүрүлдү

Ошто 872 516 сом алимент өндүрүлдү

Ош шаарында 872 миң 516 сом өлчөмүндөгү алимент боюнча карыз толугу менен өндүрүлгөнүн Башкы прокуратурага караштуу Сот аткаруучулар кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, Ош шаардык Сот аткаруучулар кызматынын бөлүмүндө жүргүзүлгөн аткаруу өндүрүшүнүн алкагында карызкор Д.Э.ден Б.Э.нин пайдасына, үч баланы 18 жашка толгонго чейин багуу үчүн ай сайын

Улуттук банк санарип сом платформасын пилоттук тестирлөөсүн ишке киргизүүгө даярданууда

Улуттук банк санарип сом платформасын пилоттук тестирлөөсүн ишке киргизүүгө даярданууда

Министрлер кабинетинин иш-чаралар планына ылайык, Кыргызстанда санарип сомдун пилоттук долбоорунун ишке киргизилиши 2026-жылдын аягында — 2027-жылдын башында өткөрүлө тургандыгы маалым болгон. Санарип сом — бул Улуттук банк тарабынан чыгарылуучу улуттук валютанын санарип формасы. Азыркы учурда Кыргызстанда улуттук валютанын эки формасы бар, алар – накталай сом, жана коммерциялык банктар менен Улуттук банктагы эсептерде жайгашкан

Салык кызматы салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү жана айып пулдар тууралуу эскертти

Салык кызматы салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү жана айып пулдар тууралуу эскертти

Тийиштүү реестрге киргизилген мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер Бирдиктүү салык декларациясын өз убагында тапшырууга милдеттүү экенин радионун түз эфиринде Мамлекеттик салык кызматынын декларациялоо жана салыктык эмес төлөмдөр башкармалыгынын башчысы Чынара Мамырбаева билдирди. Анын айтымында, милдеттүү түрдө декларация тапшырууга тийиш болгон кызмат адамдарынын тизмеси президенттин 2017-жылдын 31-январындагы №17 жарлыгы менен бекитилген. Декларация