Баткенде электр тармагынын жаңы имараты курулууда

Баткенде электр тармагынын жаңы имараты курулууда

Энергетика министрлигинин демилгеси менен "КУЭТ" ААКнын Баткен электр тармактары филиалы 2025-жылы бир катар курулуш долбоорлорун ишке ашырууда. Алардын бири – Лейлек райондук электр тармагынын Өзгөрүш участогунун жаңы имараты. Учурда курулуш кызуу жүрүүдө жана декабрда пайдаланууга берилет.

Жаңы имарат кызматкерлер үчүн эс алуу бөлмөлөрү, шаймандарды сактоочу жай, санитардык-гигиеналык түйүндөр жана жыйындар үчүн бөлмөлөр менен камсыздалат. Ошондой эле кампа жана автоунаа токтотуучу жай каралган. Бул долбоор кызматкерлердин шарттарын жакшыртып, электр тармактарынын ишенимдүүлүгүн жогорулатууга багытталган.

Электр энергиясына байланыштуу суроолор жаралса, Баткен РЭТ, Лейлек РЭТ, Кадамжай РЭТ, Кызыл-Кыя РЭТ жана Сулукту РЭТтин колл-борборлоруна кайрылса болот: 105; 1209; 0221 33-36-02; 0772 46-04-01; 0221 55-54-78; 0221 55-54-68; 0773 94-07-07.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто 872 516 сом алимент өндүрүлдү

Ошто 872 516 сом алимент өндүрүлдү

Ош шаарында 872 миң 516 сом өлчөмүндөгү алимент боюнча карыз толугу менен өндүрүлгөнүн Башкы прокуратурага караштуу Сот аткаруучулар кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, Ош шаардык Сот аткаруучулар кызматынын бөлүмүндө жүргүзүлгөн аткаруу өндүрүшүнүн алкагында карызкор Д.Э.ден Б.Э.нин пайдасына, үч баланы 18 жашка толгонго чейин багуу үчүн ай сайын

Улуттук банк санарип сом платформасын пилоттук тестирлөөсүн ишке киргизүүгө даярданууда

Улуттук банк санарип сом платформасын пилоттук тестирлөөсүн ишке киргизүүгө даярданууда

Министрлер кабинетинин иш-чаралар планына ылайык, Кыргызстанда санарип сомдун пилоттук долбоорунун ишке киргизилиши 2026-жылдын аягында — 2027-жылдын башында өткөрүлө тургандыгы маалым болгон. Санарип сом — бул Улуттук банк тарабынан чыгарылуучу улуттук валютанын санарип формасы. Азыркы учурда Кыргызстанда улуттук валютанын эки формасы бар, алар – накталай сом, жана коммерциялык банктар менен Улуттук банктагы эсептерде жайгашкан

Салык кызматы салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү жана айып пулдар тууралуу эскертти

Салык кызматы салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү жана айып пулдар тууралуу эскертти

Тийиштүү реестрге киргизилген мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер Бирдиктүү салык декларациясын өз убагында тапшырууга милдеттүү экенин радионун түз эфиринде Мамлекеттик салык кызматынын декларациялоо жана салыктык эмес төлөмдөр башкармалыгынын башчысы Чынара Мамырбаева билдирди. Анын айтымында, милдеттүү түрдө декларация тапшырууга тийиш болгон кызмат адамдарынын тизмеси президенттин 2017-жылдын 31-январындагы №17 жарлыгы менен бекитилген. Декларация

Ош шаарынын башкы архитектурасынын кызматкерлери кармалды

Ош шаарынын башкы архитектурасынын кызматкерлери кармалды

Ошто курулуш стандарттарын одоно бузуу менен курулган бир катар курулуш долбоорлору аныкталганын УКМКдан билдиришти. Атайын кызматтын маалыматына караганда, курулуш компаниялары унаа токтотуучу жайлар боюнча жалган маалымат берип, Ош архитектурасы ал долбоорлорду мыйзамсыз бекитип турган.  Курулуш компаниялары пайда көрүү үчүн унаа токтотуучу жайлардын ордуна коммерциялык имараттарды куруп салышкан.  Ош архитектурасынын кызматкерлери