Майлуу-Сууда 22,45 млн сомго электр тармактарынын заманбап имараты салынды
8-ноябрда энергетика министри Таалайбек Ибраев Жалал-Абад электр тармактарына караштуу Майлуу-Суу район электр тармактарынын жаңы имаратынын ачылыш аземине катышты.
Ведомствонун маалыматына ылайык, министр сөзүндө жаңы имараттын энергетиктерге сапаттуу шарт түзөрүн жана керектөөчүлөрдү үзгүлтүксүз электр менен камсыздоого өбөлгө болорун белгиледи.
Жаңы имарат эки кабаттан туруп, 45 жумушчу орунга ылайыкташкан, электр жабдыктарды сактоочу жана оңдоочу эки бокс курулду. Курулуш 22,45 млн сомго “Кыргызстан улуттук электр тармактары” ААК тарабынан каржыланды. Эски бала-бакча Майлуу-Суу шаарынын мэриясына өткөрүлүп берилди.
Майлуу-Суу район электр тармагы 8 000 керектөөчүнү жана жергиликтүү электр заводун үзгүлтүксүз камсыз кылат. Ачылыш аземинде кызматкерлерге Ардак грамоталар тапшырылып, жумушун жеңилдетүү үчүн 2 автоунаа берилди.


