Кадамжайда "Базарбай ата" чакан ГЭСи пайдаланууга даяр болду
Кадамжай районунда "Базарбай ата" чакан ГЭСинин курулушу аяктап, пайдаланууга даяр болгонун “Кабар” маалымат агенттигине президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкен.
Маалыматка ылайык, ГЭСтин 1-агрегаты тесттик режимде иштеп, сыноодон ийгиликтүү өттү. Анын кубаттуулугу 200 кВт/саат, ал эми станциянын жалпы кубаттуулугу 600 кВт/саатты түзөт.
Жеке ишкер ГЭСтин курулушуна 8 млн сом инвестиция салган. Мындан сырткары, Кыргыз-Россия өнүктүрүү фондунан 8 млн сом насыя берилген. ГЭСтин ишке кириши менен аймактагы электр энергиясына болгон муктаждык жеңилдейт.
Станцияда 10 адам жумуш менен камсыз болот.