Мэрия: Бишкекте электр энергиясын үнөмдөө деңгээли жогорку көрсөткүчкө жетти

Мэрия: Бишкекте электр энергиясын үнөмдөө деңгээли жогорку көрсөткүчкө жетти

Бишкек шаарында электр энергиясын керектөө акыркы күндөрү кыйла азайып, суткалык пайдалануунун көлөмү 9 млн 735 миң кВт саатка чейин түшкөн. Бул тууралуу шаар мэри Айбек Жунушалиев билдирди.

Мэрдин айтымында, шаар үчүн белгиленген суткалык ченем 10 млн 45 миң кВт саатты түзөт. Бирок 13-ноябрга чейин керектөө 11 млн 133 миң кВт саатка чейин өсүп, нормадан ашып келген.

Жунушалиев белгилегендей, тамактануучу жайларда “Тынчтык мыйзамынын” аткарылышын көзөмөлдөөгө багытталган рейддер жана түшүндүрүү иштери керектөөнүн кыйла төмөндөшүнө алып келди.

“13-ноябрда биз тамактануучу жайларда рейд өткөрдүк. Бул иш-чара “Тынчтык мыйзамынын” аткарылышын текшерүүгө багытталган. Түшүндүрүү иштеринен кийин электр энергиясы колдонуу байкаларлык кыскарды. Бүгүнкү күндө бул көрсөткүч суткасына 9 млн 735 миң кВт саатты түзүп, шаар буга чейин болбогон деңгээлге жетти”,- деди мэр.

Ал мындан ары да энергияны үнөмдөөгө көмөк көрсөткөн түшүндүрүү иштерин улантуу зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле чоң иш-чараларды кечки 19:00–22:00 аралыгында өткөрүү жана мекеме-ишканалардын жарыкты сарамжалдуу пайдалануу маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Мэр райондордун акимдерине да бул багытта ишти күчөтүүнү тапшырды.

Мындан тышкары окуңуз

"Zero Plus": Кыргызстан бизнес үчүн мыйзамдарды жарым жылда кайра жазды

"Zero Plus": Кыргызстан бизнес үчүн мыйзамдарды жарым жылда кайра жазды

Кыргызстанда бизнеске түздөн-түз таасир эткен реформалар сейрек болот. Бийик ураандарсыз, бирок абдан  так натыйжалар: көптөгөн каттоо кагаздарынын саны азайтылды, кабинеттерге баруу азайды, бир уруксат кагазынын ичинде экинчи уруксат кагазды жашыруу азайды. Мында "Зеро Плюс" (Zero Plus) деген атка ээ, лицензиялык-уруксат берүү системасын реформалоонун чоң программасы жөнүндө сөз болууда.

Мамлекеттик автомектептерге кабыл алуу 10-февралда башталат

Мамлекеттик автомектептерге кабыл алуу 10-февралда башталат

Кыргызстанда 10-февралдан тартып мамлекеттик автомектептерге онлайн каттоо жана жаңы программалардын киргизилиши башталат Мамлекеттик транспорттук каражаттарды каттоо борборунун басма сөз кызматы кабарлады. Анын маалыматы боюнча, арыздар алгачкы каттоо үчүн гана онлайн форматта расмий  avtomektep.srs.kg сайты аркылуу кабыл алынат. Арыз берүү үчүн жеке маалыматтарды толтуруу, окутуу аймагын тандап, айдоочулук күбөлүктүн

Кыргызстанда кайрак жерлерге сафлордун "Ершовский" сорту эгилет

Кыргызстанда кайрак жерлерге сафлордун "Ершовский" сорту эгилет

Ак-Талаа районунда сафлор өсүмдүгүнөн май алына баштаганын бүгүн Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитетинин жыйынында суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев билдирди. Анын айтымында, аталган райондун кайрак жерлерине өсүмдүктүн "Ершовский" сорту себилген. "

Мамлекеттик транспорттук каражаттарды каттоо борборунун кызматкерлери кармалды

Мамлекеттик транспорттук каражаттарды каттоо борборунун кызматкерлери кармалды

Бишкек шаардык Мамлекеттик транспорттук каражаттарды каттоо борборунун үч кызматкери кармалганын Чүй облустук ИИМинин басма сөз кызматы билдирди. Буга чейин аймактык ИИМдин кызматкерлери жеке автомектептерди бүтүрүү тууралуу жалган күбөлүктөрдү жасаган кылмыштуу топ аныкталганын билдиришкен. Бул топтун директорлору Б.Т. жана М.А. ортомчу И.Т. аркылуу жасалма окутуу үчүн 40 миңден