Мамлекеттик транспорттук каражаттарды каттоо борборунун кызматкерлери кармалды

Мамлекеттик транспорттук каражаттарды каттоо борборунун кызматкерлери кармалды
Бишкек шаардык Мамлекеттик транспорттук каражаттарды каттоо борборунун үч кызматкери кармалганын Чүй облустук ИИМинин басма сөз кызматы билдирди.
Буга чейин аймактык ИИМдин кызматкерлери жеке автомектептерди бүтүрүү тууралуу жалган күбөлүктөрдү жасаган кылмыштуу топ аныкталганын билдиришкен. Бул топтун директорлору Б.Т. жана М.А. ортомчу И.Т. аркылуу жасалма окутуу үчүн 40 миңден 120 миң сомго чейин акча алышкан. Кылмышкерлер жарандарды мамлекеттик портал аркылуу каттап, курсту өпөстөн жасалма документтерди беришкен. Бир ортомчу аркылуу 244 курсант катталып, мыйзамсыз түрдө 2 млн 760 миң 850 сом алынган.

Бул факты боюнча Кылмыш кодексинин 379-беренеси менен кылмыш иши козголду. Кылмыштуу топтун уюштуруучулары — үч жаран кармалды.

Текшерүү-оперативдик иштердин жүрүшүндө мурда кармалган И.Т. баштаган бул топ кошуна мамлекеттерден келген унааларды жасалма документтер менен мыйзамсыз каттоо иштерин уюштургандыгы аныкталды. Бул аракеттер Мамлекеттик транспорттук каражаттарды каттоо жана айдоочуларды каттоо борборунун кызматкерлери менен кызматташтыкта жүргүзүлүп, алар жасалма күбөлүктөр жана каттоо документтерин колдонуп маалыматтарды базаларга киргизип, транспортту каттоодон өткөрүшкөн.

Кийинки текшерүү-оперативдик иштерде борбордун Бишкек шаардык бөлүмүнүн кызматкерлеринин бул мыйзамсыз аракеттерге тиешеси аныкталды. Атап айтканда, транспорттук каражаттарды мыйзамсыз каттоого башкы адис С.Д. жана адистер К.У. менен У.А.нын тиешеси бар экени белгиленди.

Бардык аталган адамдар КРнын ЖПКнын 96-беренеси боюнча кармалып, убактылуу кармоочу жайга жайгаштырылды. Сот аларга бир айлык камак түрүндөгү бөгөт чарасын кабыл алды.

Мындан тышкары окуңуз

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти жеткиликтүү баада саткан муниципалдык дүкөн ачылды. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынынан маалымдашты. Учурда дүкөндө эттин баасы - 1 килограммы 750–760 сомдон сатылууда. Билдирүүгө караганда дүкөн - Кант шаары, Ленин көчөсү 51/1 дарегинде, «Ысык-Ата» соода үйүнүн имаратында жайгашкан. Мындай муниципалдык эт дүкөндөрүн Чүй облусунун башка

Ишкер Media
Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

1-октябрь — Эл аралык карылар күнүндө КР Социалдык фонду “Камкордук айы” республикалык акциясын баштаган. Ага ылайык, Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында бир убакта майрамдык иш-чаралар белгиленди. Социалдык фонддун маалыматына караганда, программада  - ден соолукту чыңдоо машыгуусу, акысыз медициналык кароо, Соцфонддон пенсия боюнча консультациялар, майрамдык концерт, белектер жана даамдуу сый-тамактар

Ишкер Media
Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро куруу жана долбоордун техникалык-экономикалык жагын иштеп чыгууну көздөөдө. Бул тууралуу 2-октябрда илимий-практикалык конференциянын жүрүшүндө Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев билдирди. Мэрдин айтымына караганда метро куруу идеясы делегаттар менен талкуу учурунда айтылган. Ушуга байланыштуу муниципалитет бул маселени кайрадан күн тартибине киргизүү жагын кароодо. Журналисттердин Бишкекте метро

Ишкер Media
ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын, анын ичинде жер жана суу астында жашырылган объекттерди изилдөө үчүн археолог жана окумуштууларды жиберүүгө даяр. Бул ЖКнын төрагасы Марлен Маматалиевдин Парижде ЮНЕСКОнун генералдык директору Халед Аль-Анани менен жолугушуусунда белгилүү болду. Маалыматка ылайык, жолугушууга депутаттар Талант Мамытов жана Камила Талиева, Кыргызстандын Франциядагы элчиси жана өлкөнүн

Ишкер Media