Токтогул жана Үч-Коргон ГЭСтеринде гидроагрегаттар ишке берилди

Токтогул жана Үч-Коргон ГЭСтеринде гидроагрегаттар ишке берилди

Энергетика министри Таалайбек Ибраев Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Токтогул ГЭСинин төртүнчү гидроагрегатын жана Үч-Коргон ГЭСинин экинчи гидроагрегатын ишке киргизди. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Токтогул ГЭСинин модернизациясы 100% ийгиликтүү аяктап, станциянын жалпы кубаттуулугу 1200 МВттан 1440 МВтка көбөйдү. Ар бир гидроагрегаттын кубаттуулугу 300 МВттан 360 МВтка жогорулады. Модернизациянын максаты – станциянын кубаттуулугун жогорулатуу жана электр энергиясына болгон туруктуу муктаждыкты канааттандыруу.

Үч-Коргон ГЭСинде да экинчи гидроагрегат реконструкциядан ийгиликтүү өтүп, ишке берилди. Бул иштер өлкөдөгү гидроэнергетикалык объектилерди модернизациялоо жана реабилитациялоо программасынын алкагында жүргүзүлүп, энергетика тармагындагы маанилүү кадам катары бааланууда.

Мындан тышкары окуңуз

"Zero Plus": Кыргызстан бизнес үчүн мыйзамдарды жарым жылда кайра жазды

"Zero Plus": Кыргызстан бизнес үчүн мыйзамдарды жарым жылда кайра жазды

Кыргызстанда бизнеске түздөн-түз таасир эткен реформалар сейрек болот. Бийик ураандарсыз, бирок абдан  так натыйжалар: көптөгөн каттоо кагаздарынын саны азайтылды, кабинеттерге баруу азайды, бир уруксат кагазынын ичинде экинчи уруксат кагазды жашыруу азайды. Мында "Зеро Плюс" (Zero Plus) деген атка ээ, лицензиялык-уруксат берүү системасын реформалоонун чоң программасы жөнүндө сөз болууда.

Мамлекеттик автомектептерге кабыл алуу 10-февралда башталат

Мамлекеттик автомектептерге кабыл алуу 10-февралда башталат

Кыргызстанда 10-февралдан тартып мамлекеттик автомектептерге онлайн каттоо жана жаңы программалардын киргизилиши башталат Мамлекеттик транспорттук каражаттарды каттоо борборунун басма сөз кызматы кабарлады. Анын маалыматы боюнча, арыздар алгачкы каттоо үчүн гана онлайн форматта расмий  avtomektep.srs.kg сайты аркылуу кабыл алынат. Арыз берүү үчүн жеке маалыматтарды толтуруу, окутуу аймагын тандап, айдоочулук күбөлүктүн

Кыргызстанда кайрак жерлерге сафлордун "Ершовский" сорту эгилет

Кыргызстанда кайрак жерлерге сафлордун "Ершовский" сорту эгилет

Ак-Талаа районунда сафлор өсүмдүгүнөн май алына баштаганын бүгүн Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитетинин жыйынында суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев билдирди. Анын айтымында, аталган райондун кайрак жерлерине өсүмдүктүн "Ершовский" сорту себилген. "

Мамлекеттик транспорттук каражаттарды каттоо борборунун кызматкерлери кармалды

Мамлекеттик транспорттук каражаттарды каттоо борборунун кызматкерлери кармалды

Бишкек шаардык Мамлекеттик транспорттук каражаттарды каттоо борборунун үч кызматкери кармалганын Чүй облустук ИИМинин басма сөз кызматы билдирди. Буга чейин аймактык ИИМдин кызматкерлери жеке автомектептерди бүтүрүү тууралуу жалган күбөлүктөрдү жасаган кылмыштуу топ аныкталганын билдиришкен. Бул топтун директорлору Б.Т. жана М.А. ортомчу И.Т. аркылуу жасалма окутуу үчүн 40 миңден