Жалал-Абадда 8 көмөк чордондун кубаттуулугу жогорулатылды

Жалал-Абадда 8 көмөк чордондун кубаттуулугу жогорулатылды

Жалал-Абад облусунда 8 көмөк чордондун күч трансформаторлорунун кубаттуулугу жогорулатылды. Бул иштер Энергетика министрлигинин күз-кыш мезгилине даярдык тапшырмаларынын алкагында “КУЭТ” ААКнын Жалал-Абад электр тармактар ишканасы тарабынан жүргүзүлдү.

Энергетика министрлигинин маалыматына ылайык, Базар-Коргон Т-1 16 МВАдан 40 МВАга, Көк-Таш 6,3 МВАдан 16 МВАга көтөрүлдү. Иш-чаралар тармактын ишенимдүүлүгүн күчөтүп, калкты сапаттуу жана туруктуу электр менен камсыздоого багытталды.

Кошумча, райондордо жана шаарларда 83 миң акылдуу эсептегич орнотулуп, 540 чакырым аба чубалгылары оңдолуп-түзөлдү, ошондой эле 557 трансформатор оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү.

Натыйжада облус электр тармагында туруктуулук жогорулап, жаңы турак жайлар жана социалдык объектилер үчүн электр энергиясы үзгүлтүксүз жеткирилет.

Мындан тышкары окуңуз

Борбор Азияда өз ара пайдалуу электр рыногу түзүлөт

Борбор Азияда өз ара пайдалуу электр рыногу түзүлөт

Дүйнөлүк банк 10 жылга эсептелген "Борбор Азияда электр энергия рыногун өнүктүрүү жана энергосистемаларды интеграциялоо" программасын (REMIT — Regional Electricity Market Interconnectivity and Trade) бекитти. Программа аймактагы энергетикалык ресурстарды өз ара толуктоо принциби менен пайдаланууга багытталган. Анын алкагында Кыргызстан жана Тажикстандагы гидроэнергетика, Өзбекстан, Казакстан жана Түркмөнстандагы жылуулук электр станциялары, ошондой

Таласта реестрге катталбаган объектке 200 миң сом айып салынды

Таласта реестрге катталбаган объектке 200 миң сом айып салынды

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаевдин тапшырмасына ылайык, өлкө аймагындагы курулуш объектилерин текшерүү боюнча рейддик иш-чаралар уюштурулууда. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Анын алкагында Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментине караштуу Талас региондук башкармалыгынын инспекторлору Айтматов районунун Чоң-Кара-Буура айылынын четиндеги 78-контурда курулуп жаткан асфальт-бетон заводун текшеришти. Текшерүү учурунда объект куру

Кыргызстан ЕАЭБдеги өлкөлөрдүн ичинен турак жайларды пайдаланууга берүү боюнча 2-орунда турат

Кыргызстан ЕАЭБдеги өлкөлөрдүн ичинен турак жайларды пайдаланууга берүү боюнча 2-орунда турат

2025-жылдын январь–ноябрь айларынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда 1 млн 491,4 миң чарчы метр турак жай пайдаланууга берилди. Бул көрсөткүч 2024-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 31,4%га жогору болгонун Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) статистика департаментинин маалыматы күбөлөндүрөт. Кыргызстандагы өсүш Биримдикке мүчө өлкөлөрдүн ичиндеги эң байкаларлыктардын бири болду. Мындан жогору

Быйыл Жалал-Абадга 65 миңден ашык акылдуу эсептегич орнотулат

Быйыл Жалал-Абадга 65 миңден ашык акылдуу эсептегич орнотулат

Өлкөдөгү санариптештирүү саясатынын алкагында Энергетика министрлиги жүргүзүп жаткан реформалардын натыйжасында 2025-жылы «КУЭТ» ААКнын филиалы — Жалал-Абад электр тармактар ишканасында пландын негизинде 82 миң акылдуу эсептегич орнотулду. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Атап айтканда, Сузак районунда 34 711, Базар-Коргон районунда 33 650, Майлуу-Суу шаарында 7 165 жана Кара-Көл шаарында 6 501 даана акылдуу