Таласта реестрге катталбаган объектке 200 миң сом айып салынды

Таласта реестрге катталбаган объектке 200 миң сом айып салынды

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаевдин тапшырмасына ылайык, өлкө аймагындагы курулуш объектилерин текшерүү боюнча рейддик иш-чаралар уюштурулууда. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Анын алкагында Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментине караштуу Талас региондук башкармалыгынын инспекторлору Айтматов районунун Чоң-Кара-Буура айылынын четиндеги 78-контурда курулуп жаткан асфальт-бетон заводун текшеришти. Текшерүү учурунда объект курулуш реестрине катталбастан курулуп жатканы жана курулуш иштери 70%га аяктап, завод толук кандуу иштеп жаткандыгы аныкталды.

Аталган мыйзам бузуунун негизинде “Гранит Транс Сервис” ЖЧКсына 200 миң сом айып пул салынып, курулуш объектин мыйзам талаптарына ылайык реестрге каттоо боюнча көрсөтмө берилди.

Ошондой эле Талас шаарындагы бардык курулуш объектилерин көзөмөлдөө боюнча рейддик иш-чаралар үзгүлтүксүз улантылууда.

Белгилей кетсек, курулуш реестри — мыйзам талаптарына ылайык жүргүзүлүүчү, курулуш объектилерин, долбоорлоочу жана куруучу уюмдарды, ошондой эле уруксат берүүчү жана долбоордук документтерди эсепке алуу үчүн арналган маалыматтык система болуп саналат.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров: Баткендин кирешеси 777 млн сомго өстү

Садыр Жапаров: Баткендин кирешеси 777 млн сомго өстү

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Сүлүктү шаарынын жана Лейлек районунун тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Жолугушууда мамлекет башчысы аймактардын өнүгүүсү туруктуу өсүү менен түздөн-түз байланыштуу экенин белгиледи. "Алгач Баткен облусунун бюджети тууралуу сөз кыла кетейин. 2020-жылы жергиликтүү бюджеттин

Ишкер Media
Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Алтынбек Рысбеков Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Токтогул ГЭСине барып, энергетикалык объектилердин күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерди. Бул тууралуу министрликтен кабарлашты. Министр станциянын жабдууларынын учурдагы абалы, оңдоо иштери жана 2026-2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык менен таанышты. Маалыматка ылайык, модернизация долбоорунун алкагында Токтогул ГЭСиндеги төрт

Ишкер Media
Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

10-октябрда саат 14:00 чамасында Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Тогуз-Булак айылынын Доңуз-Ой тилкесинде жер көчкү активдешкен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. ӨКМдин маалыматына ылайык, жер көчкүнүн жаракасынын узундугу болжол менен 220 метрди, көлөмү 42 800 куб метрди түзөт. Жылыш ылдамдыгы саатына 1,1 метрди

Ишкер Media
Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен жана Ош облустарына болгон иш сапарынын алкагында Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Лейлек районунун акими Асылбек Женишбек 2021-2026-жылдары аткарылган иштер тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, райондо өндүрүлгөн продукциянын көлөмү 617,8 млн

Ишкер Media