Өлкөдөгү электр энергиянын 70%ы турак жай секторуна туура келет

Өлкөдөгү электр энергиянын 70%ы турак жай секторуна туура келет

Кыргызстанда энергия керектөөнүн болжол менен 70%ы жеке жана турак жай секторуна туура келерин 17-декабрда энергоэффективдүүлүк боюнча өткөн конференцияда ЮНИСОН групп компаниясынын президенти Нурзат Абдырасулова билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда 1,3 миллиондон ашуун турак жай имараттары бар. Көп батирлүү турак жайлардын түзүмүндө батирлердин 40%ы үч бөлмөлүү, 24%ы эки бөлмөлүү, 10%ы бир бөлмөлүү, ал эми болжол менен 8%ы беш жана андан көп бөлмөлүү батирлерден турат.

Мындан тышкары, өлкөдө 10 миңге жакын коомдук имараттар бар. Аларга билим берүү мекемелери, саламаттык сактоо уюмдары, маданий-көңүл ачуучу жана туристтик объекттер кирет.

"Коомдук имараттар жыл сайын болжол менен 850 миллион киловатт-саат электр энергиясын керектейт, бул өлкөдөгү жалпы энергия керектөөнүн чамасында 10%ын түзөт", — деп кошумчалады ал.

Абдырасулова ошондой эле Кыргызстанда энергоэффективдүүлүк жөнүндө мыйзам кабыл алынганын маалымдады. Бул мыйзам экономиканын бардык тармактарында, анын ичинде отун-энергетикалык ресурстарды казып алуу, өндүрүү, пайдалануу жана керектөө процессинде энергиянын натыйжалуу колдонулушун жогорулатууга багытталган.

"Мыйзамга ылайык, жаңы курулуп жаткан жана реконструкцияланып жаткан имараттар үчүн энергоэффективдүүлүктүн минималдуу талаптары белгиленип, алардын энергетикалык абалын милдеттүү түрдө этап-этабы менен баалоо киргизилет", — деп билдирди ал.

Мындан тышкары окуңуз

Мамлекет башчы Араванда эл менен жолугушуп, алардын суроолоруна жооп берди

Мамлекет башчы Араванда эл менен жолугушуп, алардын суроолоруна жооп берди

Президент Садыр Жапаров бүгүн Ош облусунун Араван районунда жергиликтүү актив жана тургундар менен жолугушуу өткөрдү. Иш-чара ачык суроо-жооп форматында өтүп, анда аймактагы негизги көйгөйлөр көтөрүлдү. Жолугушууда тургундар мектеп жана бала бакча куруу, билим берүү мекемелерин кеңейтүү, жер тилкелерин берүү, ирригация системасын жакшыртуу, газдаштыруу, медициналык тейлөө жана жол инфраструктурасы боюнча маселелерди

Садыр Жапаров Араван районунун өнүгүү долбоорлору менен таанышты

Садыр Жапаров Араван районунун өнүгүү долбоорлору менен таанышты

Президент Садыр Жапаров 11-апрелде Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Араван районуна барып, аймакты өнүктүрүү боюнча пландар менен таанышты. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты. Араван районунун акими Данияр Эркимбаев мамлекет башчысына акыркы жылдары аткарылган иштер жана келечектеги долбоорлор тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, 2021–2025-жылдары жол тармагына 954

Бишкекте коомдук тартипти камсыздоо күчөтүлдү

Бишкекте коомдук тартипти камсыздоо күчөтүлдү

Бишкек шаарынын ИИББгы дем алыш күндөрү жарандардын коомдук тартибин жана коопсуздугун камсыздоо күчөтүлдү. Бул тууралуу Бишкек шаарынын ИИББнан кабарлашты. билдирүүгө караганда, өзгөчө көңүл укук бузуулардын алдын алууга, жарандардын кайрылууларына ыкчам жооп кайтарууга, ошондой эле кыраакылыкты жогорулатууга бурулмакчы. Ага ылайык, сейил бактарда жана адамдар көп чогулган жайларда кызмат өтөөгө өзгөчө көңүл

Улуттук банк менен ИИМ алдамчылыкка каршы күрөшүү боюнча жолугушуу өткөрдү

Улуттук банк менен ИИМ алдамчылыкка каршы күрөшүү боюнча жолугушуу өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы менен биргеликте 10-апрелде финансылык алдамчылыкка каршы күрөшүү маселелери боюнча блогерлер жана ЖМК өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Иш-чаранын жүрүшүндө мобилдик байланыш жана интернет аркылуу жасалган алдамчылык схемалары тууралуу кеңири маалымат берилди. Айрыкча “дропперлик” — жарандардын банктык карталарын жана жеке маалыматтарын үчүнчү жактарга берүү