Чүй районунда "Шамшы" чакан ГЭСи ишке кирди

Чүй районунда "Шамшы" чакан ГЭСи ишке кирди

Чүй районунда "Шамшы" чакан ГЭСи Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун каржылык колдоосу менен кыска мөөнөттө ишке киргизилгенин фонддун төрагасы Артем Новиков билдирди.

Анын маалыматы боюнча, 2024-жылдын октябрь айында долбоорду 1 млн доллар суммасында каржылоо тууралуу келишимге кол коюлган, ал эми бүгүн станция электр энергиясын иштеп чыгара баштады.

"Кубаттуулугу 1,7 мегаватт болгон жаңы станция жылына болжол менен 10 млн киловатт-саат электр энергиясын өндүрөт. Бул Чүй районунун электр энергиясына болгон муктаждыгын 12%га жабат.

Пайдаланууга берилген объект — Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду тарабынан электр энергиясын иштеп чыгуу тармагында ишке ашырылып жаткан 16 долбоордун бири. Бул долбоорлордун жалпы кубаттуулугу 600 мегаваттка жакын жана жылына 1,5 млрд киловатт-сааттан ашык электр энергиясын өндүрүүгө багытталган. Бул Кыргызстандын энергетикалык коопсуздугун камсыздоого карай жасалган кезектеги кадам болуп саналат", - деди Новиков.

Мындан тышкары окуңуз

Ысык-Көлгө 3 млн даана балыктын чабагы коё берилди

Ысык-Көлгө 3 млн даана балыктын чабагы коё берилди

Балык өнөр жайы комплекси департаментинин Тоң районундагы Регионалдык аклиматташтыруу жана балык өндүрүү-өстүрүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан май-канат (сиг-лудога) балыгынын чабактары Ысык-Көлгө коё берилди. Айыл чарбанын маалыматына ылайык, иш-чарага Туристтик-экологиялык милиция, Улуттук илимдер академиясынын Биология институтунун адистери, райондук ветеринардык кызмат жана жергиликтүү тургундар катышты. Жалпысынан 3 миллион даана балык чабагы көлдү балыктандыруу

Казакстанда шоколаддар “кичирейип”, салмагы 75–80 граммга чейин азайды

Казакстанда шоколаддар “кичирейип”, салмагы 75–80 граммга чейин азайды

Казакстанда акыркы жылдары шоколад плиткаларынын салмагы байкаларлык азайып, мурунку 100 граммдын ордуна 75–80 грамм болуп калды. Бул тууралуу NUR.KZ басылмасынын талдоосунда маалымдалат. Билдирүүгө караганда, азыр дүкөндөрдөгү көптөгөн азыктар так салмакта эмес — май, сүт азыктары, кондитердик товарлар сыяктуу эле шоколад да акырындап “кичирейип” барат. Сыртынан кадимкидей көрүнгөнү менен, салмагы

Ноокатта каналдарды жаңылоого 20,5 млн сом жумшалууда

Ноокатта каналдарды жаңылоого 20,5 млн сом жумшалууда

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан Ноокат районундагы Грейд-Шарон жана Федоров каналдарына жаңы технология менен бетон полотно орнотулууда. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жалпы 1700 метр аралыкка бетон полотно төшөлүп, бул иштерге 20 млн 500 миң сом каражат каралган. Долбоорду райондук суу чарба башкармалыгы ишке ашырууда.

Кыргызстанда туризмден түшкөн киреше 1 млрд доллардан ашты

Кыргызстанда туризмден түшкөн киреше 1 млрд доллардан ашты

2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын туристтик тармагы туруктуу өсүштү көрсөттү. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына ылайык, туристтик кызмат көрсөтүүлөрдүн экспортунан түшкөн киреше 1,098 млрд АКШ долларына жетип, 2024-жылга салыштырмалуу 8,1%га өстү. Туризм өлкө экономикасында маанилүү орунду ээлеп, жумуш орундарын түзүүгө жана региондордун өнүгүшүнө салым кошууда. Жыл жыйынтыгында тармактын ички