Кыргызстанда 2026-жылы 17, 2027-жылы 19 чакан ГЭС курулат

Кыргызстанда 2026-жылы 17, 2027-жылы 19 чакан ГЭС курулат

2026-жылы 17 чакан ГЭС, ал эми 2027-жылы дагы 19 жаңы ГЭС куруу пландалып жатканын парламенттин жыйынында Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев билдирди.

Анын айтымында, 2024-жылы электр энергиясын жалпы өндүрүү көлөмү 117,8 мегаваттка жеткен.

"Өткөн жылы жалпы кубаттуулугу 48,8 мегаваттты түзгөн сегиз чакан ГЭС ишке берилген, а 2025-жылы болсо кубаттуулугу 49 мегаватт болгон тогуз чакан ГЭС пайдаланууга берилди. Токтогул ГЭСи (1 миң 440 мегаватт) модернизацияланды, Таш-Коргон ГЭСинин гидроагрегаттары жаңыланууда. Ошондой эле өлкөнүн энергетикалык көз карандысыздыгын камсыз кылган жаңы чакан ГЭСтер, анын ичинде "Камбар-Ата-1" ГЭСи курулуп жатат", — деди Министрлер Кабинетинин төрагасы.

Ал ошондой эле энергетика тармагындагы компаниялар техниканы өз каражаттарынын эсебинен сатып алышканын белгилеп, өткөн жылы 129 техника, ал эми 2025-жылы 141 техника алынганын кошумчалады.

Адылбек Касымалиевдин белгилешинче, Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу Кыргызстанды энергетикалык көз карандысыздыкка алып келип, келечек муундар үчүн бекем энергетикалык пайдубал түзөт.

Мындан тышкары окуңуз

МинКаб Сокулукта 2 чакан ГЭСти куруу боюнча инвестициялык келишимди жактырды

МинКаб Сокулукта 2 чакан ГЭСти куруу боюнча инвестициялык келишимди жактырды

Министрлер кабинети Сокулук ГЭС-3 менен Чүй облусунун Сокулук районунда "Сокулук ГЭС-3" жана "Туюк ГЭС" чакан гидроэлектр станцияларын куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча инвестициялык келишимдин долбоорун жактырды. Келишимге Министрлер кабинетинин атынан кол коюу президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жетекчисине жүктөлдү. Келишим долбооруна ылайык, биринчи этапта Сокулук

"Аю Холдинг" компаниясынын ээси Ш. Абдыкеримов К.Ташиевге жооп берди

"Аю Холдинг" компаниясынын ээси Ш. Абдыкеримов К.Ташиевге жооп берди

Учурда чет өлкөдө жашап жаткан ишкер, Кыргызстанда "Аю Холдинг" ири компаниясын түптөгөн экс-депутат Шаршенбек Абдыкеримов УКМК мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевге жооп берди. Ал мүлкүнөн айрылганы боюнча “болгон фактыны” айтып жатканын 28-мартта Фейсбук баракчасына жазганын "Азаттык" жарыялады. “Урматтуу Камчыбек Ташиев, сиз менин кайрылуумду “калп” деп жатасыз. Мен

"Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" – Глобалдык акча жумалыгы

"Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" – Глобалдык акча жумалыгы

Эртеңден тартып Кыргызстанда финансылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча жыл сайын өтүүчү Глобалдык акча жумалыгы башталарын Улуттук банктан билдиришти. Өнөктүк "Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" деген ураан менен өтөт. Анда калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу, чыгашаларды көзөмөлдөө жана инвестициялоо көндүмдөрүн калыптандыруудан тартып, алдамчылыктан коргонуу ыкмалары боюнча маалыматтар берилет. 30-марттан

Дүйнө азык-түлүк каатчылыгына кептелиши ыктымал

Дүйнө азык-түлүк каатчылыгына кептелиши ыктымал

Дүйнө өлкөлөрү азык-түлүк кризисинин босогосунда турганын жана дүйнөлүк азык-түлүктүн 50%ы синтетикалык жер семирткичтерге көз каранды экенин аналитик Лукас Эквуаме эскертти. Түндүк жарым шарда эгүү сезону башталып жатат, бирок жер семирткичтерге жеткиликтүүлүк өтө чектелүү. Ормуз кысыгындагы көйгөйлөрдөн улам жер семирткичтердин жеткирүүлөрүнүн болжол менен 30%ы үзгүлтүккө учурады, дагы 20%ы