Президент Кыргызстандагы 100 мегаватт кубаттуулуктагы күн электр станциясын ачты

Президент Кыргызстандагы 100 мегаватт кубаттуулуктагы күн электр станциясын ачты

Бүгүн президент Садыр Жапаров Кемин районунда жайгашкан Кыргызстандагы алгачкы күн электр станциясын ачты.

Электр станциясынын кубаттуулугу 100 МВт түзөт. Ачылыш аземине президент Садыр Жапаров, энергетика министри Таалайбек Ибраев, президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев, инвесторлор жана жергиликтүү тургундар катышты.

Долбоордун инвестору — "Этернал Энергия" ЖЧКсы.

Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, компаниянын жетекчиси Ма Вэньцзюнь болуп саналат. Ал эми негиздөөчүлөрү:

  • "Яньань ЦзюЦзю фотоэлектр компаниясы" ЖЧКсы,
  • "Чжэшуй Кыргызстан инвестициялык компаниясы",
  • "Чжэцзян Цзяннэн Строй".

Компания 2024-жылы түзүлгөн, ал эми 2025-жылдын 27-октябрында кайра каттоодон өткөн.

Мындан тышкары окуңуз

Ысык-Көлгө 3 млн даана балыктын чабагы коё берилди

Ысык-Көлгө 3 млн даана балыктын чабагы коё берилди

Балык өнөр жайы комплекси департаментинин Тоң районундагы Регионалдык аклиматташтыруу жана балык өндүрүү-өстүрүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан май-канат (сиг-лудога) балыгынын чабактары Ысык-Көлгө коё берилди. Айыл чарбанын маалыматына ылайык, иш-чарага Туристтик-экологиялык милиция, Улуттук илимдер академиясынын Биология институтунун адистери, райондук ветеринардык кызмат жана жергиликтүү тургундар катышты. Жалпысынан 3 миллион даана балык чабагы көлдү балыктандыруу

Казакстанда шоколаддар “кичирейип”, салмагы 75–80 граммга чейин азайды

Казакстанда шоколаддар “кичирейип”, салмагы 75–80 граммга чейин азайды

Казакстанда акыркы жылдары шоколад плиткаларынын салмагы байкаларлык азайып, мурунку 100 граммдын ордуна 75–80 грамм болуп калды. Бул тууралуу NUR.KZ басылмасынын талдоосунда маалымдалат. Билдирүүгө караганда, азыр дүкөндөрдөгү көптөгөн азыктар так салмакта эмес — май, сүт азыктары, кондитердик товарлар сыяктуу эле шоколад да акырындап “кичирейип” барат. Сыртынан кадимкидей көрүнгөнү менен, салмагы

Ноокатта каналдарды жаңылоого 20,5 млн сом жумшалууда

Ноокатта каналдарды жаңылоого 20,5 млн сом жумшалууда

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан Ноокат районундагы Грейд-Шарон жана Федоров каналдарына жаңы технология менен бетон полотно орнотулууда. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жалпы 1700 метр аралыкка бетон полотно төшөлүп, бул иштерге 20 млн 500 миң сом каражат каралган. Долбоорду райондук суу чарба башкармалыгы ишке ашырууда.

Кыргызстанда туризмден түшкөн киреше 1 млрд доллардан ашты

Кыргызстанда туризмден түшкөн киреше 1 млрд доллардан ашты

2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын туристтик тармагы туруктуу өсүштү көрсөттү. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына ылайык, туристтик кызмат көрсөтүүлөрдүн экспортунан түшкөн киреше 1,098 млрд АКШ долларына жетип, 2024-жылга салыштырмалуу 8,1%га өстү. Туризм өлкө экономикасында маанилүү орунду ээлеп, жумуш орундарын түзүүгө жана региондордун өнүгүшүнө салым кошууда. Жыл жыйынтыгында тармактын ички