Бишкекте жыл ичинде 1917 трансформатор оңдолду
Бишкекте жыл ичинде 1917 трансформатор оңдолду жана жаңы жогорку чыңалуудагы көмөк чордон курулду. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек электр тармактары ишканасы электр жабдууларынын ишенимдүүлүгүн жогорулатуу максатында комплекстүү оңдоо жана техникалык тейлөө иштерин жүргүздү.
2025-жылдын жыйынтыгы боюнча аткарылган негизги иштер:
- 220-110/35 кВ чыңалуудагы 47 көмөк чордондун жабдуулары оңдолду;
- 6–10/0,4 кВ чыңалуудагы 1917 трансформатордук көмөк чордондор (ТП) оңдолду;
- 220-110/35 кВ чыңалуудагы 560 км жана 10–0,4 кВ чыңалуудагы 2175 км электр аба чубалгылары оңдолду;
- 10–0,4 кВ чыңалуудагы 891 км кабелдик чубалгылар текшерилип жана оңдолду;
- 2850 "акылдуу" эсептегичтер орнотулду;
- 87 км электр аба чубалгылары СИП-2 менен, 31 км кабелдик чубалгылар жана 32 км СИП-3 менен алмаштырылды;
- 33 трансформаторлордун кубаттуулугу жогорулатылды.
Аны менен катар, Бишкекте 2025-жылы 110/10 кВ "Мурас" аттуу жогорку чыңалуудагы көмөк чордон курулуп, төмөнкү заманбап жабдуулар менен жабдылган:
- 40 000 кВА кубаттуулуктагы трансформатор;
- 110 кВ элегаз өчүргүчтөр жана ажыраткычтар;
- 10 кВ тышкы орнотуудагы комплекттик бөлүштүрүү түзүлүшү (КРУН).
Бул иштер күз-кыш мезгилинде туруктуу электр энергиясы менен камсыз кылуу жана авариялык абалдардын алдын алуу максатында жүргүзүлдү.


