Салык кызматына чогулган 304 млрд сомдун 198,7 млрд сому Бишкекке туура келет

Салык кызматына чогулган 304 млрд сомдун 198,7 млрд сому Бишкекке туура келет

МинКаб төрагасы Адылбек Касымалиев Бишкек шаарынын мэриясынын 2025-жылдагы муниципалитеттин ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы жана 2026-жылга пландары боюнча коллегиясынын жыйынына катышты.

"Бишкек – мамлекетибиздин борбору жана мамлекеттик казынага олуттуу салым кошкон маанилүү каржы борбору. Мамлекеттик салык кызматы тарабынан чогултулган 304 млрд сомдун 198,7 млрд сому Бишкекке туура келет – бул болжол менен 65%. Буга байланыштуу борбордо жашап, иштеп, салык төлөгөн бардык субъекттерге, ошондой эле ири салык төлөөчүлөргө ыраазычылык билдиребиз. Мындан тышкары, мен өзгөчө баса белгилеп кетким келет – күч структуралары, фискалдык органдар бизнеске негизсиз текшерүүлөрдү токтотушу керек. Бул маселе өзгөчө көзөмөлдө", - деди ал.

Адылбек Касымалиев Бишкек шаарынын бюджети 2021-жылы 10,7 млрд сомду түзсө, төрт жылдын ичинде 20 миллиард сомдон ашык көбөйгөнүн кошумчалады. 2024-жылы иш жүзүндөгү киреше 37 млрд сомду, ал эми 2025-жылы иш жүзүндөгү киреше 30,6 млрд сомду түзгөн. 1970-жылдан 1990-жылга чейин шаар архитектуралык жактан олуттуу өзгөрүүлөргө дуушар болгон, бүгүнкү күндө курулуш ошол эле темпте жүрүп жатат.

"Ынтымак Ордо" шаардын гана эмес, жаңы Кыргызстандын да көркүнө чыкты. Стадиондун кичи аренасы жаңыланды. Шаардын ичинде да, сыртында да жолдор оңдолууда — беш жылда 218,1 километр жол курулду. Айтматов проспектиси шаардын жолдору эң жогорку стандарттарга жооп бере баштаганын тастыктайт. Жаңы парктар ачылып, мурдагы парктар реконструкцияланып, шаардыктардын эс алуусу үчүн шарттар түзүлүүдө. Ала-Арча жана Аламедин дарыяларынын нуктары тазаланып, "Алга" стадионунун жанындагы Чоң Чүй каналынын жээги көрктөндүрүлдү. Жумуштар улантылып, аягына чыгарылышы керек. Турак жай курулушу активдүү жүрүп жатат", - деди ал.

Адылбек Касымалиев муниципалдык түзүмдөрдүн техникалык жабдылышына да токтолду. Бүгүн Бишкек мэриясына 95 автобус жана 42 атайын техника берилди. 2021-жылдан бери шаарга газ жана электр энергиясы менен жүрүүчү 1493 автобус сатылып алынган. Акыркы эки жылда коммуналдык кызматтарга 446 жаңы техника келип түштү.

«Күнүнө 1000 тоннага чейин таштандыны кайра иштетип, жылына 30 МВт электр энергиясын өндүрүүчү катуу тиричилик калдыктарын утилдештирүүчү заманбап заводдун ишке киргенин белгилей кетүү зарыл. Бул завод – Бишкектин экологиялык прогрессинин белгиси. Борборду башка инфраструктуралык долбоорлорду куруу да күтүп турат. Жакынкы беш жылда Бишкек кыйла өзгөрөт", - деди ал.

Мындан тышкары окуңуз

Германиянын Fleckvieh породасындагы асыл тукум малды КРда көбөйтүү талкууланды

Германиянын Fleckvieh породасындагы асыл тукум малды КРда көбөйтүү талкууланды

Кыргызстанда сүт жана эт багытындагы жогорку өндүрүмдүү Fleckvieh породасындагы малды көбөйтүү жана генетикалык сапатын жакшыртуу маселелери талкууланды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, аталган министрдин орун басары Мирбек Дүйшеев Германиянын Bayern-Genetik GmbH компаниясынын өкүлдөрү жана “Токбай Агро” ишканасынын жетекчиси Арсен

Ишкер Media
Ош облусунда миграциядан келген үй-бүлөлөр “Социалдык контракттын” алкагында бизнес ачууда

Ош облусунда миграциядан келген үй-бүлөлөр “Социалдык контракттын” алкагында бизнес ачууда

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Алмаз Имангазиев Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында мекенине кайтып келген үй-бүлөлөрдөн кабар алды. Министрликтен маалымдагандай, министр алардын жашоо шарттары, учурдагы муктаждыктары жана социалдык адаптация маселелери менен таанышып чыкты. Жолугушуунун жүрүшүндө министр үй-бүлө мүчөлөрү менен баарлашып, алардын кайрылууларын угуп, зарыл болгон социалдык

Ишкер Media
Баткенде мыйзамсыз валюта алмаштырган жаранга айып пул салынды

Баткенде мыйзамсыз валюта алмаштырган жаранга айып пул салынды

Баткен облусунда Улуттук банктын лицензиясы жок чет өлкө валютасын алмаштыруу операцияларын жүргүзгөн жаранга айып пул салынды. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди. Маалыматка ылайык, мыйзамсыз ишмердүүлүк жүргүзгөн Кыргызстандын С.С.М. аттуу жаранына 17 миң 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды. Айып пул Улуттук банктын Баткен облусундагы өкүлчүлүгү тарабынан салынган. Кыргызстандын

Ишкер Media
ЭЭАда иш алып барган ишканалардын экспорттук мүмкүнчүлүктөрү талкууланды

ЭЭАда иш алып барган ишканалардын экспорттук мүмкүнчүлүктөрү талкууланды

Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысынын орун басары Дамирбек Бикулов эркин экономикалык аймактардын (ЭЭА) жетекчилери менен кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Жолугушууда ЭЭА жетекчилери 2026-жылдын тогуз айындагы иштин жыйынтыктары, жетишилген көрсөткүчтөр жана учурдагы иштердин натыйжалары тууралуу маалыматтарды беришти. Катышуучулар инвестиция тартуу, өндүрүштү өнүктүрүү, инфраструктураны жакшыртуу

Ишкер Media