Өткөн жылы Ысык-Көл облусунда 45,4 миң акылдуу эсептегич орнотулган

Өткөн жылы Ысык-Көл облусунда 45,4 миң акылдуу эсептегич орнотулган

Былтыркы жылы Ысык-Көл облусунда энергетика тармагын реформалоо жана санариптештирүү иштеринин алкагында 45 396 акылдуу эсептегич орнотулду. Бүгүнкү күндө облус боюнча 123 026 жеке кардардан 94 299у (75,8%) акылдуу эсептегичтер менен камсыз болгон. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен маалымдашты.

Ошондой эле 90 чакырым эски алюминий зымдары жаңы СИП зымдарына, 1 300 эскирген жыгач мамылар темир-бетон мамыларга алмаштырылып, 18 жаңы 10/0,4 кВ көмөк чордону орнотулду. Бул аймактын бир катар айыл-кыштактарын туруктуу электр менен камсыз кылды.

Облустун 23 күч трансформаторунда кубаттуулук жогорулатылып, 7 заманбап реклоузер орнотулду. Жыргалан өрөөнүндөгү 35/10 кВ "Үч чоку" жаңыкөмөк чордонунун курулушу аяктап, 12,8 чакырым жаңы кабелдик зым тартылды.

Жогорку чыңалуудагы көмөк чордондордун жалпы кубаттуулугу 56,5 МВАга жогорулатылып, эски май өчүргүчтөр заманбап вакуумдук өчүргүчтөргө алмаштырылды. Бул иштер элге жана ишканаларга туруктуу, коопсуз электр энергиясын жеткирүүгө шарт түздү.

Мындан тышкары окуңуз

МИК май айында кезекте тургандарга батирлерди бере баштайт

МИК май айында кезекте тургандарга батирлерди бере баштайт

Мамлекеттик ипотекалык компания май айынан тарта Бишкекте турак жай алуу үчүн кезекте турган жарандарга батирлерди бере баштарын "Биринчи радио" эфиринде Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрагасынын орун басары Нургазы Атаканов билдирди. Анын айтымында, учурда борбор калаада бир нече объектилердин курулушу аяктоо алдында турат. Алар: Маликов көчөсүндөгү (мурунку №47 колониянын аймагы)

ӨКМ: 18-мартка чейин айрым жолдордо кар көчкү коркунучу бар

ӨКМ: 18-мартка чейин айрым жолдордо кар көчкү коркунучу бар

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 18-мартка чейин өлкөнүн тоолуу райондорунда жана негизги унаа жолдорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар экенин эскертти. Ведомствонун маалыматына ылайык, туруксуз аба ырайына байланыштуу айрым ашууларда жана капчыгайларда этият болуу зарыл. Алардын катарына Бишкек — Ош унаа жолунун Ала-Бел ашуусу жана Чычкан капчыгайы, Мырза-Аке — Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолу, Бишкек

Бишкекте ЦУМдун аймагын көрктөндүрүү иштери башталат

Бишкекте ЦУМдун аймагын көрктөндүрүү иштери башталат

Бүгүн Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Чүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишинде көчмө жыйын өткөрүп, аймакты көрктөндүрүү иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Учурда менчик ээлери мурда курулган конструкцияны демонтаждоо иштерин жүргүзүп жатышат. Бул жерде фонтандык композицияны калыбына келтирүү жана жашыл аймакты көрктөндүрүүнү караган эскиздик долбоор даярдалган. Шаар

Нарындагы "Керме-Тоо" мейманканасы муниципалдык менчикке кайтарылды

Нарындагы "Керме-Тоо" мейманканасы муниципалдык менчикке кайтарылды

Нарын шаардык прокуратурасынын талабынын негизинде Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматтын Нарын облусу боюнча аймактык башкармалыгы тарабынан берилген доо арызды сот канааттандырды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Аталган ишти кароодо Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин, 2002-жылдын 15-мартындагы №37 “Муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин талаптары бузулгандыгы аныкталган.