Нарындагы "Керме-Тоо" мейманканасы муниципалдык менчикке кайтарылды

Нарындагы "Керме-Тоо" мейманканасы муниципалдык менчикке кайтарылды

Нарын шаардык прокуратурасынын талабынын негизинде Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматтын Нарын облусу боюнча аймактык башкармалыгы тарабынан берилген доо арызды сот канааттандырды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Аталган ишти кароодо Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин, 2002-жылдын 15-мартындагы №37 “Муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин талаптары бузулгандыгы аныкталган.

Соттун чечими менен Нарын шаарынын муниципалдык менчигине тиешелүү “Керме-Тоо” мейманканасы жана ага караштуу 2,35 гектар жер аянты боюнча талаптар толугу менен канааттандырылып, муниципалдык менчиктин укуктары корголду.

Бул чечим мамлекеттик жана муниципалдык менчикти мыйзамсыз менчиктештирүүгө жол бербөөгө жана мыйзамдуулукту камсыз кылууга багытталган маанилүү кадам болуп саналат.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда 90 380 жаңы "Алиппе" таратылат

Кыргызстанда 90 380 жаңы "Алиппе" таратылат

1 -класстарга Алиппе окуу китеби басылып чыкканын Агартуу министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, аталган министрликтин жана Окуу китеби мамлекеттик мекемесинин өкүлдөрү даярдалган Алиппе окуу китептерин кабыл алышты. Окуу китептери “Учкун” басмаканасында басылып чыгып, мектептерде окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн класстар үчүн атайын каралган. Жалпы 90 миң 380 нускада Алиппе өлкөнүн бардык аймактарындагы

2025-жылы Кыргызстанда 1545 км жол оңдолуп, курулган

2025-жылы Кыргызстанда 1545 км жол оңдолуп, курулган

17-апрелде Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбековдун жетекчилиги алдында Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин 2025-жылда аткарган иштери жана 2026-жылга карата аткарылуучу иш пландары каралган жыйын болуп өттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, отурумда алгач министрликтин жалпы ишмердүүлүгү, өлкө

Бакудагы Алят портунда миңдеген жүк ташуучу унаалар топтолуп турат

Бакудагы Алят портунда миңдеген жүк ташуучу унаалар топтолуп турат

Бакудагы Алят эл аралык портунда Борбор Азияга жүк тартып келаткан миңдеген фура жыла албай турганы эл аралык маалымат булактары жарыялады. Жакынкы Чыгышта согуштан улам Иран кошуна өлкөлөрү менен чек араларын жапкан. Ошол себептен Азербайжан-Түркмөнстан паром маршруту аймакка Түркия жана Европадан товар ташуунун жападан жалгыз жолу болуп калган. Тажикстандык айрым ишкерлер

Бишкекте жол тыгындарын азайтуу үчүн кыска автобус маршруттары киргизилет

Бишкекте жол тыгындарын азайтуу үчүн кыска автобус маршруттары киргизилет

Бишкек шаарында жаңы кыска автобус маршруттары киргизилип, жүргүнчүлөргө айрым учурда бир нече транспортко отуруп барууга туура келерин шаар мэри Айбек Джунушалиев билдирди. Анын айтымында, мурда шаардагы тыгындарды жана экологиялык көйгөйлөрдү азайтуу максатында 4 миңге жакын микроавтобус каттамдан алынган. Учурда Бишкекте 1200гө жакын электробус жана газ менен жүргөн автобустар иштеп жатат.