Былтыр Ош облусунда 12 энергообъект пайдаланууга берилген

Былтыр Ош облусунда 12 энергообъект пайдаланууга берилген

Энергетика министрлигинин тапшырмасынын негизинде, 2025-жылы “КУЭТ” ААКнын каржылоосу менен Ош электр тармактары ишканасында капиталдык курулуш планы аткарылды. Анын алкагында 7 объект жаңыдан курулуп, 5 объект капиталдык ремонттон өткөрүлүп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Жаңы курулуштардын ичинде Өзгөн районунун Куршаб айыл аймагындагы Куршаб УЭСи, Салам-Алик УЭСи, Кара-Суу РЭТинин Отуз-Адыр УЭСи, ошондой эле 220/110/10 кВ “Узловая” жана 35/10 кВ “Ой-Тал” көмөк чордондорунда кызматтык имараттар салынды. Алай РЭТинин Сары-Таш бөлүмүндө да алгач ирет кызматтык имараттын курулушу башталды.

Мындан тышкары, Өзгөн жана Кара-Суу РЭТтеринин имараттары толук капиталдык ремонттон өткөрүлүп, айланасы асфальтталды. Ош электр тармактарынын Электр энергиясын сатуу мекемесинин имараты, Кара-Кулжа РЭТиндеги жана Өзгөн РЭТине караштуу Жазы УЭСиндеги объектилер да жаңыланып, кызматкерлер үчүн шарттар жакшыртылды. Араван РЭТинин алыскы Пахтачы УЭСинде капиталдык ремонт иштери аткарылды.

Бул иштер энергетиктердин эмгек шарттарын жакшыртууга жана электр тармактарынын ишенимдүүлүгүн жогорулатууга багытталган.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан ИДПсы 2030-жылга карата 32 млрд долларга жетиши мүмкүн

Кыргызстан ИДПсы 2030-жылга карата 32 млрд долларга жетиши мүмкүн

Кыргызстандын экономикасы туруктуу өсүштү көрсөтүп, мурда коюлган божомолдордон ашып кетиши мүмкүн экенин брифингде Экономика жана коммерция министринин орун басары Чоро Сейитов билдирди. Анын айтымында, 2030-жылга ИДП 30 млрд доллар болот деп пландалган. Бирок алдын ала эсептөөлөр боюнча бул көрсөткүч 31–32 млрд долларга жетиши мүмкүн. Салыштыруу үчүн айтсак, 2025-жылдын жыйынтыгы

Касымалиев Ысык-Көлдөгү 150 млн долларлык медкластердин долбоору менен таанышты

Касымалиев Ысык-Көлдөгү 150 млн долларлык медкластердин долбоору менен таанышты

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Ысык-Көл облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында бир катар медициналык мекемелерди көрүп чыкты. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Ал Каракол шаарындагы 1968-жылы курулган, 550 орунга ылайыкталган облустук бириккен ооруканага барып, реанимация жана хирургия бөлүмдөрүнүн иши менен таанышты. Ошондой эле МинКаб башчысы Караколдо курулуп жаткан

Кумтөрдөгү тоо-кен казуу шарттары татаалдашып, алтындын наркына таасир этти

Кумтөрдөгү тоо-кен казуу шарттары татаалдашып, алтындын наркына таасир этти

Бүгүн «Кумтөр Голд Компани» 2025-жылы өндүрүлгөн алтындын көлөмү, анын өздүк наркы жана компаниянын өндүрүштүк-каржылык ишмердүүлүгүнүн башка аспектилери боюнча маалымат таратты. Билдирүүгө караганда, Кумтөрдөгү тоо-кен казып алуунун шарттары оорлошуп, алтынды ылгап алуу да татаалдашып, алтындын өздүк наркына таасир этти. 2025-жылы бардык чыгымдарды, салыктарды жана башка төлөмдөрдү эсепке алганда, бир унция алтындын

Экономика министрлиги Кытай компанияларын  Кыргызстанда ишканаларды ачууга чакырды

Экономика министрлиги Кытай компанияларын Кыргызстанда ишканаларды ачууга чакырды

Экономика жана коммерция министрлиги Кытай компанияларына өндүрүштөрүн Кыргызстанга ачууга чакырганын брифингде министрдин биринчи орун басары Чоро Сейитов билдирди. Анын айтымында, жакында Кытай мамлекетине бир нече иш сапарлар уюштурулуп, анда кыргыз тарап жергиликтүү компанияларга өндүрүштөрүн Кыргызстан аймагына жайгаштырууну сунуштаган. Ал белгилегендей, Кытайдан АКШга экспорттолгон айрым товарларга 10%дан 50%га чейин