Кыргызстанды толук газдаштыруу 2030-жылы аякташы мүмкүн

Кыргызстанды толук газдаштыруу 2030-жылы аякташы мүмкүн

Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров 2026-жылдын 5-февралында парламент жыйынында өлкөнү газдаштыруу иштери качан толук аяктай турганына кызыкты.

"Газпром Кыргызстан" компаниясынын экономика жана финансы боюнча башкы директорунун милдетин аткаруучу орун басары Арзымат Алдаяровдун маалыматына ылайык, компания Кыргыз Республикасын толук газдаштырууну жакынкы 5 жылдын ичинде, болжол менен 2030-жылга чейин бүтүрүүнү максат кылууда.
Анын айтымында, долбоордун ишке ашырылышы бир катар техникалык жана инфраструктуралык факторлорго көз каранды.

Алдаяров эске салгандай, 2022-жылга чейин Кыргызстан газ менен коңшу мамлекеттердеги кендердин эсебинен камсыздалып келген. Бирок 2022-жылдан тартып ресурстардын түгөнүшүнө байланыштуу бул жеткирүүлөр токтотулган.

"Учурда газ Кыргызстанга Россиядан Казакстан жана Өзбекстандын аймактары аркылуу транзит жолу менен жеткирилүүдө. Ошол эле учурда коңшу өлкөлөрдүн транзиттик мүмкүнчүлүктөрү чектелүү, — деп түшүндүрдү Алдаяров.

Анын маалыматына караганда, 2024-жылы Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстан жана "Газпром" ортосунда төрт тараптуу макулдашуу түзүлгөн.

Бул макулдашуулардын алкагында коңшу мамлекеттердин аймактары аркылуу магистралдык газ куурунун экинчи түйүнү курулат. Объект 2027-жылга чейин пайдаланууга берилери күтүлүүдө, бул Кыргызстанга газ жеткирүүнүн көлөмүн олуттуу көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Швейцария каржылык өнөктөштүктү чыңдоону көздөйт

Кыргызстан менен Швейцария каржылык өнөктөштүктү чыңдоону көздөйт

Каржы министри Руслан Суйналиев Швейцариянын Экономика маселелери боюнча мамлекеттик катчылыгынын Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү бөлүмүнүн жетекчиси, өкмөттүн соода келишимдери боюнча өкүлү Пьетро Лаццери менен жолугушту. Министрликтен билдиришкендей, тараптар Кыргызстан менен Швейцариянын ортосундагы финансылык-экономикалык кызматташуунун учурдагы абалын жана келечектеги багыттарын талкуулашты. Өзгөчө көңүл чакан экономиканы колдоо, мамлекеттик башкарууну өнүктүрүү жана

Коомдук талкуу: Баткен окуяларын "Баткен согушу" деп таануу демилгеленди

Коомдук талкуу: Баткен окуяларын "Баткен согушу" деп таануу демилгеленди

Кыргызстанда 1999–2000-жылдардагы Баткен окуяларын расмий түрдө "Баткен согушу" деп таанууну сунуштаган мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Мыйзам долбоорунун демилгечиси — эл өкүлү Болот Сагынаев. Ал "Согуштун ардагерлери, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана ооруктагы эмгекчилер жөнүндө" мыйзамга Баткен согушунун ардагерлерин киргизүүнү сунуштоодо. Долбоорго ылайык, бул макам 1999–

Министр Балыкчы–Жалал-Абад жолунун курулуш иштерин көзөмөлдөдү

Министр Балыкчы–Жалал-Абад жолунун курулуш иштерин көзөмөлдөдү

Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев Балыкчы–Жалал-Абад унаа жолунда жүрүп жаткан курулуш иштеринин көзөмөлдөдү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Иш сапарынын алкагында министр кооптуу тилкелерде курулуп жаткан тирөөч дубалдардын, селден жана тоо көчкүлөрүнөн коргоочу галереялардын, ошондой эле үч жерде салынып жаткан жол тейлөө пункттарынын курулушунун жүрүшүн

Кыргызстанда 246 миңден ашык чарба жүргүзүүчү субъектти аялдар жетектейт

Кыргызстанда 246 миңден ашык чарба жүргүзүүчү субъектти аялдар жетектейт

Экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн Аялдар форумунда өлкө экономикасындагы чакан жана орто бизнестин ордун белгиледи. Анын айтымында, бүгүнкү күндө чакан жана орто бизнес Кыргызстандын ички дүң жыйымынын 51,7%ын түзөт. Ошондой эле 823 миңден ашык чарба жүргүзүүчү субъекттин 246 миңден ашыгын