Кыргызстан Иран менен президенттердин макулдашууларын ишке ашырууну талкуулады

Кыргызстан Иран менен президенттердин макулдашууларын ишке ашырууну талкуулады

Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Ирандын Тышкы иштер министри Аббас Аракчи менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, жолугушууда эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери, аймактык жана эл аралык күн тартиби талкууланды.

Өзгөчө көңүл президент Садыр Жапаровдун Иран президенти Масуд Пезешкиан менен 31-августта Бишкекте өткөн жолугушуусунда жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга бурулду.

Тараптар кыргыз-иран мамилелерин мындан ары чыңдоо жана артыкчылыктуу багыттар боюнча өз ара аракеттенүүнү активдештирүү маанилүү экенин белгилешти.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Акча алмашуудагы мыйзам бузуулар үчүн 3 алмашуу бюросуна айып пул салынды

Акча алмашуудагы мыйзам бузуулар үчүн 3 алмашуу бюросуна айып пул салынды

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн айрым алмашуу бюролоруна карата чара көрүлдү. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, Бишкек шаарындагы 3 акча алмыштуруу мыйзам талаптарын бузушкан. Ушуга байланыштуу үч алмашуу бюросунун ар бирине 55 000 сом өлчөмүндө айып

Ишкер Media
2026-жылы 10597 үй-бүлө менен социалдык контракт түзүлдү

2026-жылы 10597 үй-бүлө менен социалдык контракт түзүлдү

2026-жылы Кыргызстанда “Социалдык контракт» программасынын алкагында 10597 аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлө менен келишим түзүлдү. Жыл аягына чейин дагы 2 737 үй-бүлөнү программага тартуу пландаштырылууда. Эмгек, социалдык камсыздоо министрлигинин маалыматына ылайык, быйыл жалпысынан 13 334 үй-бүлө менен социалдык контракт түзүү каралган. Учурда программага катышуу үчүн

Ишкер Media
Чүйдө уруксатсыз курулуп жаткан май куюучу жайга айып салынды

Чүйдө уруксатсыз курулуп жаткан май куюучу жайга айып салынды

Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Чүй региондук башкармалыгы Кемин районундагы курулушка пландан тышкаркы текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, текшерүү учурунда Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнө караштуу 225-контурда салынып жаткан көп функционалдуу май куюучу жайдын долбоордук жана уруксат берүүчү документтери жок экени аныкталган. Аныкталган мыйзам бузуу боюнча

Ишкер Media
Араванда 35 млн сомго оңдолгон "Жаштар борбору" ачылды

Араванда 35 млн сомго оңдолгон "Жаштар борбору" ачылды

Араван районунун Достук айыл аймагындагы Пахта-Абад айылында "Жаштар борбору" пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү билдирди. Маалымдалгандай, ачылыш аземге облус башчысы Аманкан Кенжебаев, Өзбекстандан келген делегация, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана айыл тургундары катышты. Иш-чара эки элдин достугун бекемдөөгө арналып, концерт жана кол өнөрчүлүк көргөзмөсү

Ишкер Media